Өмүрбек Текебаев улуттук кардиологиялык борборго которулду


Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди жүрөк оорусунан улам Улуттук кардиология борборуна жаткырышты. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, 31-июлда саясатчынын ден-соолугун текшерген дарыгерлер аны шашылыш түрдө №47-жатак абактан Улуттук кардиология борборуна жөнөтүүнү сунуш кылышкан.
“буга чейин депутаттык комиссия анын дарыланууга муктаж экендигин жазышкан. Андан соң абактын саламаттыкты сактоо кызматкерлери аны карап чыгып, консилиум жасашкан соң аны станционардык дарыланууга жиберүү чечимин кабыл алышкан. Ал конвойдун кайтаруусунда ооруканага которулду”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев буга чейин да станционардык дарыланууга чыгып, кайра абакка киргизилген эле.

Булак: Govori.tv

 
Аргумент.kg
Жооп калтыруу