Өмүрбек Текебаев ооруканадан №47 колонияга которулду

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев ооруканадан Бишкектеги №47 колонияга которулду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыкка» билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова бул кабарды ырастап, саясатчынын стационарда дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу №47 колонияга которулганын «Азаттыкка» маалымдады.

Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда кторулуп, неврология бөлүмүндө дарыланып жаткан.

Августтун этегинде онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуштаган. Саясатын буга макулдугун бере электиги кабарланган.

Текебаев «орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды» деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган.

Сот Өмүрбек Текебаевди жана аны менен кошо айыпталган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Эки саясатчынын тарапкерлери аларды буга чейинки бийликтин саясий куугунтугунун курмандыгы катары сыпаттап келишет.

Булак: «Азаттык» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу