Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештер!
Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Эзелтен ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү өзгөчө кастарлап, өзгөчө ыйык тутуп майрамдап келишет.
Нооруз – берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Адам жан дүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам!
Жалпы журтубуз бул улуу күндү белгилеп жатып, бири-бирине ак тилек, таза сезимдерин билдиришет.
Нооруз күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолосун!
Нооруз майрамыңыздар маарек болсун!
Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” фракциясынын лидери