Өмүрбек Текебаев дарыланууга муктаж

№ 47 түзөтү колониясында отурган Өмүрбек Текебаевди тез арада ооруканага жаткырбаса болбойт. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

«Колонияда жайгашкан оорукананын дарыгери маал-маалы менен Өмүрбек Текебаевди көрүп, кан басымын ченеп кетип жатат. Бирок № 47 колонияда Өмүрбек Текебаевдин дартын аныктай турган медициналык жабдык жок. Азыркыга чейин жаңы дарылар жазылып берилген жок. Баягы УКМКнын тергөө абагында отурган дарыларды ичип жатат. Ошондуктан кайрадан ден-соолугун текшерип, башка дарыларды ичиши керек болчу дейт,-Таалайгүл Токтакунова. 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу