Өмүрбек Текебаев: “Алардын жооп берээр күнү алыс эмес”

Бүгүн, 7-август күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы
өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум Биринчи
май райондук сотунда өтүүдө.
Соттун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев өз пикирин
билдирди. Ал өз сөзүндө “Маевский алгачкы
көрсөтмөлөрүндө Абдрахманов менен мени “13-майда
жолугушту” деп айткан. Абдрахманов бул учурда
АКШда болгонун билгенден кийин, өз көрсөтмөсүн
өзгөртүп, жолугушуу декабрда болгонун айтып
баштады. Мен жана Чотонов башында кандай
көрсөтмө берсек, өзгөртпөй келе жатабыз. Алар
көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жалган көрсөтмө берип жатышат. Бул жерден биз аман-эсен чыгып алсак,
алардын жооп берер күнү алыс эмес”, – деди Текебаев.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу