Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

— Бүгүн консилиум болуп, Өмүрбек Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлуп, Улуттук кардиология борборуна которулду, — деди Шыкмаматов.

Өмүрбек Текебаев быйыл 31-июлда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган. Августтун этегинде онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуш кылышкан. Бирок саясатчы макулдугун берген эмес. Текебаевдин стационарда дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу ал 14-сентябрда кайра ооруканадан №47 колонияга которулган.

Текебаев «орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды» деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу