Өмүрбек Текебаевди бошотпосо, эл бошоткону калды…

«Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин шылуун Маевский деген орус жаранын жалган жалаасы менен камалганын, ал мурдагы президент Атамбаевдин буйругу, соттор анын “куйругу” болгонун баарыбыз эле жакшы билебиз. Атамбаевдин бийлиги кеткенден бери парламентте деле, социалдык тармакта деле “бошотулсун, акталсын!” деген сөз айтылып келет. “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары анын ишин кайра карап чыгуу боюнча азыркы президент С.Жээнбековго кайрылуу жолдошкон. Алар ошол эле кайрылууну Башкы прокуратурага да жиберишкен. Ал кайрылууда Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Дүйшөнкул Чотоновдун камакка алууда башкы күбө болгон орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Москвада алдамчылык үчүн шектүү катары камалганы, анын шылуун экенин айгинелеп жатканы баса белгиленген. Ошол себептүү Маевскийдин жалган көрсөтмөсү менен камалган Текебаевдин ишин кайра кароо зарыл экендиги айтылган. Бул кайрылуу каралып, жакында акталып чыгат деген ишенимде турабыз. Буйруса, элдин кол чабуусу менен чыгат, анткени, ал киши ак. Эгер “бийлик адилеттүүлүктү орнотуп, бошотпосо, биз бошотобуз!”- деген акция социалдык тармактарда кызуу жүрүүдө. Күндөн күнгө элдин саны көбөйүп, Өмүрбек Чиркешовичтин аброю көтөрүлүп, аны жалган жалаа менен каматкан өзүмчүл Атамбаевдики түшүп баратат. Андыктан, Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз камалганы үчүн акталып чыгып, уурулардын сазайын берчү күн алыс эмес…

Булак:ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу