Өмүрбек Текебаевдин кызы Айсара: «Ооба, апа, мен ыйлайм, бирок акырын ыйлайм»

Аял – эркектин бардык жагынан колдой турган эң ишенимдүү адамы. Ошол үчүн “мыкты эркектин артында мыкты аял турат” деп айтылса керек. Төрт ай мурун камалып, учурда тор артында жаткан кыргыздын саясатында чоң орду бар лидер Өмүрбек Текебаевдин жубайы менен кызынын сезимдерин бөлүштүк.

 

– Айгүл айым, Өмүрбек Чиркешович камалгандан бери үйдө абал кандай?

– Өмүрбектин камалганына төрт ай болду. Бул нерсе мен үчүн да, балдарыбыз үчүн да күтүүсүз болду. Андан улам нес абалында болуп калдым. Биз балдарга жашоодо жакшылык менен жамандык бирге жүрөрүн, андыктан баарына даяр болуш керектигин айтып тарбиялаганбыз. Атасы дайыма саясатта, өмүр бою оппозицияда жүргөндүктөн улуу балдарым анын ишин жакшы билип калышкан. Бала деген сезимтал болот го, менин маанайыма карап: «Апа, эмнеге маанайыңыз жок, атама бир нерсе болдубу?» — деп турушат. Улуу кызыбыз 21, экинчи балабыз 20, кийинкиси 15, кенжебиз 8 жашта. Улуу кызым атасы камалганда телефон чалып: «Апа, сарсанаа болбоңуз, атам күчтүү адам, чыгат», — деп мага кубат берди. Кызымдын сөзү мени жашытты. Балдарымдын баарында атасыныкындай көк жалдык сапат бар, булар сынбай кайра чыйралышат.

– Кичине кызыңыздын сотто атасы менен жолукканы көпчүлүктүн көзүнөн жаш агызды..

– Кичине кызым атасы иш сапарга кеткендей сезип, эч нерсе билбей жүрөт деп ойлочумун. Балдарыма да ага айтпагыла деген элем, бирок кийинчерээк айтууга туура келди. Айтсам: «Апа, мен ошол күнү эле билгем сиздин маанайыңыздан. Телевизордон да айтты», — дейт. Азыр ойлосом кызым ошол күндөрү ыйлабай, сүйлөбөй унчукпай отурган, көрсө, баарын ичинен өткөрүптүр. Үч айдан бери атасын көрбөй куса болду, атасын көргүсү келди, андыктан сотко алып барууга аргасыз болдум. Сотуна барууну Өмүрбек: «Балдарым өзү чечсин», — деп койду. Эртең сот болот деген күнү кызыма: «Айсара, сен барбай эле коёрсуң?» — десем, «жок, атамды сагындым, барам», — деди. «Атаң тордун ичинде отурат, сага оор болуп калат. Сен атаңды көрүп ыйлайсың, анан бизди эшикке чыгарып салышат», -десем, кызым: «Ооба, апа, мен ыйлайм, бирок акырын ыйлайм»,- деди. Бала деген өзүнүн эмоцияларын көзөмөлдөй албайт эмеспи, кызыма сотто кыйын болсо да, эмоциясын көзөмөлдөй алды, акырын ыйлады. Үйгө келгенде: «Мен атамды көрдүм, бирок аны катуу-катуу кучактай албай калдым. Апа, атам келет, сөзсүз келет», — деп айтты, анын көзүнө тор көрүнбөптүр. Атасынын кулагына эмне деп шыбыраганын сурасам: «Ата, скрипкадан экзамен тапшырдым», — дептир. Кызымдын скрипкада ойноо кыялы болчу, соттун алдында эле экзамен тапшырган. Сотто атасына ошол жаңылыгын айтыптыр. Өмүрбек Айсараны «дарым» деп эркелетет. Экөө бири-бирине абдан жакын. Кызы азыр 2-класста окуйт, атасына: «Сагындым, оорубаңыз, мен сиздин дарыңызмын», — деп кат жазат. Катын атасына дем болсун деп адвокаттан берип жиберем.

– Ушул учурда жолдошуңуз саясаттан тыш адам болсо деген ой келдиби?

– “Өмүрбек саясаттан алыс эле болсо” деген ой менде күн сайын болот. Бирок бизде башка жашоо жок, бул Өмүрбектин тандоосу жана жашоосу, аны менен биз макул болушубуз керек деп ойлойм. Саясатчынын жубайы болгон адам баарына даяр турушу керек. Ичимден оор болуп жатса да, сыртымдан билдирбегенге аракет кылам. Өмүрбек ак, ал өзүнүн актыгын “далилдегенге даярмын” деп жатат. Бирок соттор ошого да мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Балдарымдын сагынычтуу күндөрүнүн акыркы күндөрү болуп атасы жанына келип калса экен. Азыр биздин үй-бүлө үчүн абдан оор учур.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: LADY.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу