ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВГЕ КОЛ ТОПТОО УЛАНУУДА

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол топтоо уланууда. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттик кызмат орун үчүн талапкер катары катталууга талап кылына турган кол топтоо токтотулган күнгө чейин “Ата Мекен” партиясы саясий куугунтукта УКМКда кармалып отурган Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерлигин колдоо үчүн кол топтоосун уланта берет.

Дареги Бишкек шаары: ГУМ (Чүй-Шопоков), партиянын башкы штабы (Рыскулов №111, КТРКнын арты) жана 23-июлдан тартып Рахат соода борборунда (Калык Акиев-Токтогул)

Тел: 0772 66 68 41

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу