Өмүрбек Бабанов үн катты

Кыргызстанда «үйдө баатыр жоодо жок» деген жакшы макал бар. Шайлоодон кийин агитаторлорунун айлыгын толук көтөрбөй, кара башын калкалап эртелеп Кыргызстандан чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов үн катты.

Социалдык тармакта Кыргызстандан сырткары жүргөнү чын экенин, оорубай эле ден соолугу жайында, сопсоо жүргөнүн, демократия, өнүккөн өлкөнүн келечеги үчүн күрөшө берээрин айтыптыр. Сыягы, чет өлкөдө жатып алып, социалдык тармак аркылуу күрөшөт өңдөнөт. Бул ыкмасы жыйынтык береби?

Чындап саясатчы катары күрөшкүсү келсе Кыргызстанга келип, мыйзам чегинде өзүнө козголгон кылмыш ишине жооп бериш керек. Ага Бабановдун эрки жетпесе керек. Андыктан унутулуп калбайын деп, социалдык тармакта Мырзакматовго окшоп анда-санда үн катып турайын деп чечсе керек…

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу