Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайрылып келбейт экен…

Өмүрбек Бабановго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок учурда ал чет өлкөдө дарыланып жатыптыр. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Бабанов Кыргызстанга кайрылып келбейт экен. Ага жакындары, үй-бүлөсү келбей, сыртта эле болуусун айтып жатышыптыр.

Эми ага ишеним артып колдогондордун ою кандай болот? Айрыкча Талас эли Бабановдон мындай кадамды күтпөсө керек. Эгер ушул бойдон чечкиндүү кадам жасабай бугуп жата берсе, саясий өлүккө айланат. Өмүке терең ойлонуп, Кыргызстанга кайтып келип, өзүнүн актыгын далилдеп берээр.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу