«Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаровдун сот күндөрү коюлуп, жалпысынан моралдык зыян 15 млн сомду түзгөнү белгилүү болду”

-Учурда Өмүрбек Бабанов менен Адахан Мадумаровдун сот тарабынан, сот материалдары өндүрүлүшкө алынып, 30-апрель күнү биринчи сот отуруму башталганы белгилүү болду. Бул маалыматты биздин редакция, абактагы Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева билдирди. Сотко тапшырылган доо арыздын негизинде жоопкерлерди, Аспеков боюнча калп таратылган маалыматтарды, кайрадан өздөрүнүн өздүк баракчаларынан төгүндөөнү мажбурлоо жана жалпысынан 15млн. сомдук моралдык зыян ордун толтуруу талаптары коюлганын Абышкаева кошумчалады.
-Эскерте кетсек 27-март күнү Мелис Аспеков Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаровду, бир нече чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан үчүн Биринчи май районунун сотуна кайрылган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу