Өмүрбек Бабановдун «куурчагы» ким же социалдык түйүндөрдөгү фейк-Байсаловдор

Өзүн океандын ары жагынан билим алып келген прогрессивдүү жаштардын бири катары
көрсөткүсү келип жүргөн Эдил Байсаловдун жеткен маңы жапыс, караңгы, алтургай
түркөй жигит экенин көп өтпөй эле билип калбадыкпы? Көрсө, ички дүйнөсү кенен, өз
өлкөсүнө карата патриоттук духу болушу үчүн Америкадан билим алыштын деле
зарылчылыгы жок экен.
Мына ушул жигит акыркы убактарда эч жерде иштебей эле май талкан жашоодо жашап
атканына анчейин түшүнө албай келгенбиз. Ырасында, анча-мынча түшүнүп да
атканбыз, анын чет өлкөлөрдөн келген гранттарды актоо максатында иш жасаарын
билет элек.
Көрсө, анда башка да «кызматтарды» кылат экен. Ал азыркы тапта «Фейсбуктагы»
өзүнүн фейктери аркылуу мамлекет жетекчилигинин дарегине түрдүү провокациялык
роликтерди жарыялап, кырдаалды курчутуу багытында иштеп атыптыр. Бул тууралуу
ошол эле интернеттеги социалдык түйүндѳрдѳ жазып чыгышты. Мисалы, өзүнүн
фейктеринин бири аркылуу 3-сентябрда ал «Скажем Атамбаеву конец» деп аталган
роликти жарыялаган.
Ага чейин социалдык түйүндөрдө учурдагы премьер-министр Сапар Исаков тууралуу
ушундай эле провокациялык видео ролик таратылган. Муну дагы Эдил Байсалов өзүнүн
Murat Halmurzaev аттуу «көлөкөсү» аркылуу таркаткан экен. Видео ролик кеңири таркап
кеткенден кийин ал бул фейкин «оо дүйнөгө» узатып жибериптир.
Азыркы тапта анын «башкаруусунда» дагы үч аты бар, заты жок фейктери бар экен —
Bektur Seitov, Maral Akmatova жана Kapar Ergaliev. Байкап турганыңыздардай Эдил мырза
көрсө эбин таап айымга да айлана алат экен. Bektur Seitov аттуу фейки аркылуу Ө.
Бабановдун дарегине дайыма мактап-жактаган комментарийлерди жазып турат. Ал эми
берки экөө менен бийликти көөлөгөн, коомчулукту бөлүнүп-жарылууга алып бара турган
макаларды жарыялап, комментарийлерди жазып турат.
Мындан тышкары Байсалов фейктеринин бири аркылуу «Фейсбукта» «Мы, кто любим Кыргызстан деген аталыштагы топ түзгөн. Анда да дайыма Кыргызстанды сүйгөн эмес,
тескерисинче жамандаган, бийликти шыбаган гана макалалар, маалыматтар илинип
турат.
Айрым маалыматтарга караганда ал алиги «жинди сууга» кекиртегине чейин тоюп алган
күндөрү чогуу отургандарына «Бабановду шайлагыла» деген «үгүт» иштерин баштап
калат дешет. Кыязы, Бабанов бийликке келсе, анын аппаратын жетектеп,
сепаратисттерге диппаспорт берип дагы акча жасайын деген ою бар окшойт.

Булак: «Саясат. kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу