Өмүрбек Бабановдун креслосу «кыйчылдай» баштадыбы? «РАЖ» фракциясында жаңжал кызып барат

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын ичиндеги толкундоолордун артынан эле саны боюнча КСДПдан кийинки эле фракция болуп саналган «Республика-Ата Журттун» лидерин алмаштыруу жаңжалы кызый баштады. Бул маалыматты «24.kg» маалымат агенттигине аталган фракциянын мүчөлөрүнүн бири Зарылбек Рысалиев тастыктады. Ал – бул бунт анын колу менен жасалып атат деген маалыматты төгүнгө чыгарды. «Мындай маанай фракцияда күчөп баратканын билем. Бирок, Өмүрбек Бабановду алмаштыруунун уюштуруучусу мен эмес. Мен буга эч кандай мамилем жок. Бирок, Бабановду колдобойм. Ал мага туура эмес мамиле кылган. Бирок заговордун башында турган жокмун. Биз экөөбүз тең Таластанбыз. Мени жөн гана өзүмдүн кичи мекенимде түшүнбөй коюшат», – деп белгилейт Зарылбек Рысалиев.

«24.kg» маалымат агенттигине парламенттен Ө. Бабанов мамлекетте жок экендигин жана депутаттардын бири А. Абжалиев Бабановго ишеним көрсөтпөө вотумун жарыялап жана аны фракция жетекчилигинен алып түшүү боюнча «РАЖ» мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүргөндүгүн айтышкан.

«Аны фракция жетекчилигинен алып салуу үчүн – 19 добуш керек. Он бир добуш азыр бар. Эгерде Бабановду алмаштыра алсак, анда «РАЖ» коалицияга кире алат», – дешти Жогорку Кеңеште. Ага кошумчалай фракциянын жетекчилигине мурдагы Бишкек шаардык сотунун судьясы, азыркы депутат Курманкул Зулушевди алып келишмекчи. Курманкул Зулушев өзү азырынча комментарий бере элек.

«Азырынча мага эч ким кол коюу боюнча кайрыла элек, эгерде келишсе мен Бабановго каршы чыгууга даярмын», – дейт Зарылбек Рысалиев.

Булак: egemen.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу