Өмүрбек Бабановдун билдирүүсүнүн артында эмне жатат?

 Кыргызстандан четте жүргөн олигарх саясатчы Өмүрбек Бабанов билдирүү таратып,  саясаттан биротоло кеткенин  айтып чыкты. Ал адилет шайлоо өткөрүруп бергендиги үчүн экс- президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдирип, бир далай ката кетиргендигин да мойнуна алган. Ал үчүн  тарапкерлери эмес, өзу күнөөлүү экендигин айтып,  эч кимисин куугунтукка албоону суранган. Саясаттан кеткенденден кийин Кыргызстанга инвестиция тартып, кайрымдуулук иш- аракеттер менен алектернип, билим берүу  тармагына аралашарын айтып чыккан. Ал өзүнүн балдары жана неберелери Кыргызстанда гана  жашашын каалаганын  билдирген. Бирок ошол эле мезгилде ал азыр кайда жүргөндүгүн жана качан Кыргызстанга кайтып келээрин айткан эмес. Коомчулукта бул маселелер түрдүү ой-пикирлерди жаратууда. Эгерде Бабанов  ак болсо, эмне үчүн анда башка жакта качып жүрөт?  Ак экенин сотто болсо да далилдесе болбойт беле дешүүдө. Экинчиден, президенттик шайлоодо добуш берүүгө келген жарандардын учтөн биринин ишенимине татыган талапкер ,эмне үчүн саясаттан кетип жатат? Тескерисинче миңдеген шайлоочунун ишенимин актап, депутат катары деле далай орчундуу маселерди чечүүгө аралашпайт беле?  Ушул сыяктуу суроолор арбын. Андан сырткары:» Мурдатан эле кайрымдуулук  ишин кеңири жүргүзүүгө эмне тоскоол болду эле? «,-деген суроолор да жаралууда. Мына ушулардын баарын бириктирип айтканда, эң эле негизги суроо ал Кыргызстанга келеби  же келбейби деген маселе ачык бойдон калууда .

 БУЛАК: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу