Өлүп тирилген кыз…

Бул окуя жакында эле болгон экен. Ар бир улуттун өзүнө таандык сапаты бар. Айтайын дегеним биз кыргыз улуту болуп жаралып калганыбызга кубанышыбыз керек. Анткени башка  улуттарга караганда биздин улуттун улуулугу, жакшы сапаты менен башка улуттурдан айырмаланып турарын эске салгым келет. Анткени биздин элге алыс кетпей эле казак туугандар, өзбек коңшулар, калмактар өздөрү кол салып жерибизге келип, жеңилип кетип  турушканы  жалганбы?

Айта турган сөздүн төркүнү такыр  башка. Акаев мене Бакиевдин учурунда эл кыйналып, чет өлкөгө көр окаттын айынан чет өлкөгө көп чыгышпадыбы.

Алардын катарын толуктап Суусамырлык Айзирек деген кыз дагы апасын багуу үчүн алдмачылардын сөзүнө ишенип, казакстанга барып кулчулукка кабылып калат. Ошол кезде казактар “кыргыз сатам” деп дарбазаларына жазып калганын да кулагыбыз чалган.

Курган Айзирек, барганда эле алданып келгенин билип, катуу капа болот. Казактар паспортун алып алышат да анан ит көрбөгөн кордукту көргөзүшөт. Андан дагы жалгыз калган апасына “кызыңарды машина уруп кетип каза болуп калды” деп кабар берип жиберишет.

Айзирек мене барган канча кыргыз жараны ур-токмокко туруштук бере албай, ал жактан каза болуп калышат. Бир күнү Айзирек курсагы ачып, бир үзүм нан көзүнөн учуп мал менен аралашып короодо жаткан кезинде мурдуна кадимки боорсоктун жыты келип, бир казан эт жегендей болуп курсагы тоюп калат. Көрсө ушул кезде айылдан апасы жана туугандары мал союп, Айзирекке арнап куран окутуп жаткан болушат.

Кыскасы, көрбөгөн кордукту көрүп, болгон кыйынчылыктарга чыдайт. Албетте буга дагы Айзиректин көрөр күнү, ичээр суусу бар болгону себеп болот.

Бир күнү Айзирекке боор ооруган казк жигит жол тосуп, бир камазга салып жиберет. Кудай колдойм десе колдоп коёру да анык. Чек арадан өтөрдө болгон коропкаларды текшерип, Айзирек жашынган коропканы карабай калышат. Кыскасы, Алланын бир керемети менен айылына келсе, айылдагылар абдан таң калып калышат. Анткени Айзиректи өлдү деп жоктоп куран окутуп, кыркын берип, эми ашын бергени даярданып жатышкан болот.

Апасы кызын көргөндө, көргөн көзүнө ишенбей эстен танып жыгылып калат. Анан кантет. Жалгыз кызы болсо. Андан дагы өлдү деп куран окутуп, ыйлап жатып көз жашы да кургап калган эле да. Анан минтип көрүмчүдөй болуп кирип келгени, энени кантип эстен албайт. Ошол окуядан кийин айыл жергесинде Айзиректи  “өлүп тирилген кыз” деп атап да алышты. Айзирек болгону 1988-жылы жарык дүйнөгө келген. Жаш болуп туруп көрбөгөн кордукту көрүп, укпаган сөздү укту. Бул дагы анын маңдайына жазылган жазуу.

Айзирек апасы каза болгондон кийин жашоонун айынан, дагы чет өлкөгө чыгып кеткен. Азыр анын жашоосу кандай жана кайсы жерде жүрөт эч кимге белгисиз. Баарынан кызыгы өзү апасына жана туугандарына кеп кылганы “мени силер ачкачылыктан алып калдыңар, мага куран окуп” деп. Айтмакчы менин курсагым ачкан кезде “Ким мага куран окуп эстесе, кадимкидей элеси көз алдыма тартылып турду.  Ошондо мен “ мени апам, тиги байкем эстеп жаткан тура” деген сезим пайда болуп турду” дегени, ушунчалык уккан кишилерди таң калтырды.

Бул окуяны жазып жатып дагы “канчалаган мекендештерибиз чет элде, башка улуттун элине кор болуп, бир үзүм нанга зар болуп жүрөт болду экен” деген санаа башка келет десеңиздер. Айткандай Айзиректин көргөн кордуктарын үстүртөн гана жаздык. Ал жактан улутташтарыбыздын көргөн азаптарын айтса, көздөн жаш тегеренет десеңер.

Андыктан, тирүүчүлүктө бирөөнү кор тутпай, кыргыз деген улутутбузду сыйлап жүрөлүчү деген гана ойдо жазылды. Ансыз деле акчанын азабынан канча улуташыбыз чет элде кыйналып жүрөт болду экен?

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу