Өлүп тирилген адам…

1941-жылдын апрель айынын аяк чени болучу. Мен ал кезде тестиер бала кезим болсо керек эле. Ошол убакта балдарга “кызамык” деген оору жармашып, айрымдары ал оорунун кесепетинен бул дүйнө менен кош айтышып, ажалы жоктор илдеттен сакайып, арага кошулуп жатышкан.

Аларды көргөн апам, мага катуу эскертти “эшикке чыкпа, жылуу үйдө олтур, сен дагы ооруп калбагай элең” деп, өзүнчө эле бушайман болуп, мага жантартып айтты.бирок мен билбейм, кайдан мага ал оору жукканын.

Арадан аз күн өтпөй денем шалдырап, жаным жер тартып, бүткөн боюма бүдүрөйгөн кызыл бүдүрлөр пайда болуп, көзүмдүн ичине чейин кызылала болуп, көзүм дагы көрбөй калды. Анда азыркыдай медицина өнүгө элек болучу. Атам, колхоздун кампачысы эле. Тоодон көмүр өчүрүп келгени, кишилерди алып кеткен. Апам менин жанымда жалгыз олтургандан корктубу, айылда көптү көргөн чоң энени чакыртып келип, башымда экөө мага аяр карап олтурушканын ооруп жаткан мен сезип жаттым.

Бир маалда кайдан жайдан пайда болду билбейм, эки адамдын сөлөкөтүнө окшогон караан мени асманга алып чыгып, кайра коё беришти. Бул иш бир нече жолу кайталанды. Ошол учурда билектери түрүлгөн эки жан алгычтын бири колундагы шамшар бычагы менен мени кыбыланы каратып мууздай баштады. Аңгыча эле бирөө мага, көчөнүн аркы башындагы үйгө жан алгычтар кирип баратканын көргөздү.

Ал адамдын жаны оозунан кысылып жатып араң чыкты. Бир кезде мени бирөө колтуктан кармап, кыбыланы караткан калыбында, беш алты сөздөн турган келмени айтып “муну билесиңби?” деди. Мен коркконумдан араң “билбейм” дедим. Анда жүрү деп, эрчитип жөнөдү. Биз жердин жети кабат алдына киргендей болдук. Мени жүздөрү көрүнбөгөн, колдору гана көрүнгөн караандар колтуктап, болоор- болбос сүйөп, булуң-буйткалуу жерлерди басып, болжолу жарым чакырымдай жерди басып, жарык жерге чыктык. Эл быкылдап толуп турат.

Менин көзүмчө бир келинди суракка алды. Ал күнөөсүн моюнга албай койгондо, кадимки видиктен көргөзгөндөй лента акырын жылып, келиндин бул жалганда кылган иштерин даана көргөзүп жатты. Келин айла-амалы түгөнүп, эч нерсе дей алган жок. Кыскасы тиги дүйнөдө нак калыстык бар экен. Келиндин күнөөсүн мойнуна коюп, кыл көпүрөдөн өткөрдү. Келиндин октой атырылган сууга кулап түшкөнүн мен даана көрдүм. Анан аз убакыт өтпөй мен көпүрөдөн өтүп баратып, курт-кумурска жана дагы башка майда нерселерди көзүм чалды. Көпүрөнүн ээндиги болжол менен он-он беш сантиметрдей көрүндү. Солкулдап жатып араң өттүм. Дагы экинчи жана үчүнчү көпүрөдөн өткөндө чөгөлөп олтурган бир периште түрмөктөлгөн баракты карап, көпүрөдөн өткөндөрдү оңго, солго колу менен көргөзүп бөлүп жатты.

Менин баамымда адамдын акыл эсин улуу Алла өзүнө баш ийдирип алгандай көрүндү. Ал жакта кыйшаңдоо, амалкөйлүк кылып, алдап кетүү деген жок экенин байкадым. Мен баарына байкоо салып көпкө чейин карап турдум. Сол тарап жакты көздөй элдер көп кетип жатты, оң жакка чанда гана кишилер кетти. Мен кадамымды алдыга таштап, оң тарапка басып баштадым. Аз өтпөй көзүмө жагымдуу көрүнүш көрүндү. Ал жакта жер-жемиштин түрү жайнайт, тап-таза, көзүм кооздукту ушундай бир сугалактык менен карап алайып таң калып жатсам, эки бала келип “бул бала жаңы келген турбайбы, кел үйрөтүп коёлу” деп мени экөө эки колтуктан алып асманга чыгарып, кайра жерге коё беришти эле мен, кадимкидей каалгып уча баштадым. Жердеги жемиштерди карап койсоң эле, жеген эсептүү болот экенсиң. Ал эми абасынын жанга жагымдуулу. Ошол абаны жутканда кандайдыр бир денеге дем, кубат бергендей болот экен.

Ал жакта кепин менен жүргөн арбактар каалгып учуп, кепиндери болор-болбос желге ыргалганын байкадым. Айрым бир арбактар кепинсиз, бул жалганда кийип жүргөн кийимдери менен жүрөт. Кийимдери тосулгандай (эскиргендей) сезилди. Мен аларды талаа-түстө кайтыш болгондор го деп ойлоп койдум. Айлана ушунчалык кооз, андай көрүнүштү кол менен жасаганга болбойт, ар түстөгү боёктор менен кооздолгон кооз көрүнүш көздүн жоосун алат.

Ошол кезде мен өзүмдү тиги дүйнөгө биротоло кетип калгандай сездим. Менден эч дабыш чыкпай калса керек. Көзүмдү ачсам, курган апам бышактап ыйлап жаткан экен.

Ошол бала кезде көргөндөрүм азыр али күнчө көз алдымдан кетпейт. Айтайын дегеним, бул жалган дүйнөдө арзыбаган нерсе үчүн өзүңөргө күнөө таап, азгырылып элдин жана мамлекеттин мүлкүнө кол салып болбогон дүнүйөгө азгырылып албагыла, деген эле аруу тилек. Тиги дүйнөнүн барлыгына ишенип, колдон келсе сооп иштерди жасап үлгүрүп калгыла — деп айтат элем. Бул жалганда ар бир кадам жана жасалган иш үчүн тиги дүйнөдө жооп берип каларыбыз чын экенин эске салгым келди.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу