Өлүмдөн саясат жасабайлы

Албетте, кыргыздын кыраан жигиттеринин бири, кашкөй таланттуу журналист Улан Эгизбаевдин күтүүсүз өлүмү жалпы элибиздин кабыргасын кайыштырды. Чындык деп чыркыраган, отто-суудан кайра тартпаган, акыйкаттыкты туу туткан журналист катары У. Эгизбаев өзүнүн кыска өмүрүндө элдин кадырлоосуна ээ болуп калган экен. Анын күтүүсүз ажалга алдырып жибергенине көздөрүн жаштагандар, ичинен түтөгөндөр өтө көп болду.

Анын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизанын да жыйынтыгы чыкты. Ал жыйынтыкка ылайык, У. Эгизбаевдин ашказанынан эч кандай уулануунун белгилери табылган эмес, ал эми бутундагы тактар ал каза болгондон кийин пайда болгону айтылган. Ток этерин айтканда, ал сууга чөгүүдөн (кырсык) каза болгон.

ИИМ бул экспертизанын жыйынтыгы дагы да талданарын, тергөө иштери уланарын билдирген. Бирок, эмнегедир ЖК депутаты Жанар Акаев Улан Эгизбаевдин өлүмүнөн да саясат жасагысы келип тургансыйт. Ал «Уланга буга чейин коркутуулар болуп келгенин жана анын өз ажалы менен өлгөнүнө эл ишенбей турганын ИИМге эскерттик» деп чыкты. Ансыз деле У. Эгизбаевдин өлүмү боюнча ишти ИИМ дыкат кароого аларын билдиришүүдө. Анда неге Жанар Акаев ага карабай эле популизмге алдырып атат? Же ал жаштыгына салып атабы?

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу