Өлкө башында туруп мамлектке ири чыгымдарды келтирген Алмаз Атамбаев — (тизме)

Көңүлдөн, ишенимден, үмүттөн өткөн назик нерсе жок. Алар ушунчалык үлбүрөк жана ажайып болот. Ал эми ага каршы соккон катуу жел сөзсүз ичиркентип өтөт. Өтө катуу жел соксо, анда көңүл калуу, ишеним жоголуу, үмүт үзүлүү деген жагдайлар болот. Эл ичиндеги дал ушундай абалды экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн алты жылдык президенттик мөөнөтүндө жасаган иштери менен түзүп салды. Ооба, ал бийликте турганда көп иштер жасалды. Энергетика тармагында ири жылыштар болду. Жолдор курулду. Ири долбоорлор ишке ашты же башталды. Андыктан мына ошол жасалып аткан иштер боюнча элибиз А. Атамбаевге терең ишеним артып тураар эле. “Эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп атат” деген терең ишеним бар эле. Көрсө, экс-президент өлкөбүздө анын доорунда жасалган баардык ири долбоорлордон өзүнүн да жеке кызыкчылыгын унутта калтырбаган экен.

Тагыраак айтсак, мамлекеттин кызыкчылыгына караганда, өзүнүн кызыкчылыгын жогорураак коюптур. Биринчиден, Бишкек ТЭЦиндеги болуп өткөн авариядан кийин аны модернизациялоологу ири коррупция ачыкка чыкты. Бир кычкачтын баасы 600 долларга сатылып алынганын уккан элибиз аң-таң калды. Ошол ТЭЦтин ачылышында А. Атамбаев: “Айрымдар чет мамлекеттерден кредит албаш керек дешет. Муну айткандар эл душмандары, кредит алгандан коркпош керек” деп күпүлдөгөнүн бир эстедик. Албетте, кредит алынганына эч ким каршы эмес эле, бирок ошол кредитти максаттуу пайдаланбай, жарымысынан көбүн жан-жөкөрлөрү менен бөлүштүрүп алганына жол болсун дешти элибиз. Анын артынан Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциянын изи чыкты. Адегенде ага сатылып алынган жыгач аттын баасы 14 000 евродон экен дешсе, аягында анын баасы 22 000 евродон болгонун билдик.

Мындай “эрдикти” жасоого жол бергени үчүн ошол эки жыгач аттын бирөөсүн А. Атамбаевге, экинчисин С. Исаковго “мингизип” туруп, түрмөнүн төрүнө отургузуп коюу керек деген сунуштар чыкты. Себеби С. Исаков Тарых музейин сыймыктануу менен талкаласа (кымбат гранит-мрамор таштарды сыйрып, ордуна жасалма плиталарды чапташкан), аны АША сыймыктануу менен карап турган болуп атпайбы. Анан аларга “сыймыктануу” менен эки жыгач атты “мингизип” койсок эмне болмок эле? Эми булардын артынан Датка-Кемин ЛЭПтин курулушундагы сарпталган каражатты иликтөө демилгеси көтөрүлдү. Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушундагы каражаттарды да иликтөө зарылчылыгы чыкты.

Мына ушунун баары биригип келип, АШАга болгон элдин ишенимине суу септи. Экинчиден, А. Атамбаев жогорку бийлик бутактарына тажрыйбасы да жок, диплому да жасалма жансакчыларын, шоопурун отургузганы, алар контрабанданы көзөмөлгө алышканын коомчулук билди. А. Атамбаев аларды кызматка койгонго чейин жөнөкөй эле жашашкан И. Илмиянов, А. Сегизбаев, А. Үсөнов, Б. Сүйүнбаев, С. Исаковдордун алдыңкы байларга айланып чыга келишкенин да эл билди. Демек, ошондо АША коррупцияга каршы күрөшпөй эле, жаңы коррупционерди тарбиялап өстүргөн болуп калды.

Үчүнчүдөн, өткөн жылдын башында Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк дагы А. Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болуп чыкканы элдин ишенимин биротоло өчүрдү. Чынында ошондо эле бул жүк Атамбаевге тиешелүү экени айтылган. Анан дагы 39 адам мерт кетип, балдар жетим калып, ата-энелер балдарын, туугандарын жоготуп сыздап отурса дагы А. Атамбаев ал жакка бир жолу басып барбай койгон. Бул дагы элдин ага болгон ишениминин жоголушуна башкы себептердин бири болду. Демек, бүгүнкү күндө кыргызстандыктар АШАнын артынан ээрчибейт. Тескерисинче, анын тез аранын ичинде мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышын каалашат. Элдин каалоосу менен эсептешүү керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу