ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Чоң-Алай районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Маалым болгондой, жер титирөө 27-майга караган түнү саат 01:09 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде болгон. Анын очогу Кара-Тейит айылынан 23 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 27 чакырым түндүк-батышта, Шибээ айылынан 38 чакырым түндүк-батышта жайгашып, күчү 5 баллга жеткен.
Ал эми эл жашаган Кара-Тейит, Карамык айылдарында 4 балл, Жар-Башы, Жаш-Тилек, Чак, Шибээ айылдарында 3 балл сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Булак:Каганат.