Өлкөнү «бозомуктар» башкарабы?

Бу бозомук ( серый кардинал) деген көрүнүш көп өлкөлөрдө далай жылдар боюу болуп эле келген. Башканы коюп улуу муундар жашап калган Советтер Союузу деген айбаттуу өлкөдө Леонид Брежневдин учурунда бозомук кардиналдын ролун  Михаил Суслов дал ушундай болгон дешет. Суслов өтө чоң постту ээлебесе да, негизги деген маселелер дал ошол адамдын макулдугу жок ишке ашчу эмес имиш.

Бизде да өзгөчө кадр тандоо маселесинде дал ушундай күчкө «шоопур» атка конгон Икрам Илмиянов конгон дешет. Уккан кулакта жазык жок, кадимки Манаста айтылгандай «көбү жалган көбү чын, көрүп келген киши жок» дегендей ушу адамга байланышкан жаңы бир маалыматттар сайттарга жарыяланып кетти. Ага ишене турган болсок Эмил Эрнис деген журналисттин жазганына караганда дал ошол Икрамов дагы бир легендарлуу «Раим миллион» деген каймана аты бар Матраимов менен саунада отуруп алып жаңы бийликтин кадр маселелерин чечүүнү божомолдошкон имиш.

Бул сатираны элестетип жиберген кабар маалымат эмнеден улам чыкты? Же болбосо айрымдар чындап эле көлөкө көмүскөдө туруп алып мамлекеттеги негизги кадрдык маселени чечүүнү колго алгылары келип жатабы? Эгер, чын эле ушундай болуп кетсе жаңыдан иштей баштаган жаш премьер-министр жана ишине кирише турган президент мындай көрүнүштөн кутула алышабы? Же болбосо бийликтин эки тизгин бир чылбырын көмүскөдөгү жолборсторго алдырып жиберишеби?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу