Өлкөнүн мыкты жогорку окуу жайлардын бири Кыргызстан эл аралык университети (МУК) 25 жашта!

Чейрек кылымдык юбилей кеңири белгиленүүдө. 12-октябрда окуу жайдын жаңы курулуп бүткөн кампусунун салтанаттуу ачылышы болду. Ага Кыргыз Республикасынын вице -премьер министири  А. Өмүрбекова, КРнын Президентинин апарат жетекчисинин орун басары  А. Кененбаев, КРнын жогорку кеңешинин депутаты К.Жумалиев , Эл аралык «Знание ассоциациясынын президенти академик Е.М Малитиков (Россия) катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Андан сырткары бүгүнкү күндүн шартына ылайык билим берүүнү өркүндөтүү тууралуу эл аралык деңгээлдеги илимий конференциялардагы ийгиликтүү өтүүдө. Аларга, КР УИА академиктери А.А.Айдаралиев менен  М.С. Жуматаев, орусиялык академик Е.Малитиков, о.э профессорлор: Италиялык К.Изаакс:, Кытайлык Хо Йонг жана Тан Ян, Түркиялык Омер Коджаман, Индиядан Сатендра Патнайк, Пакистандык Салм Ахмед Хан менен Биби Ясмин, АКШлык Джеоффри Хенебри жана Болгариялык профессор Н. Буюклиев жана башкалар катышууда.

Ошондой эле иш чарада «КЭАУ»  АК менен түрдүү бир катар уюмдардын ортосунда эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.

Андан сырткары  «КЭАУ» АКдун 25 жылдыгына карата 13-октябрдан, 17- октябрга чейин окуу жайдын курамдык бөлүмдөрүндө тегерек столдор өткөрүлдү.

16-октябрда Юбилейге арналган декада  Батыш кампусунда  Кыргыз-Белорус  билим берүүчү илимий борбору ачылды.

18-жана 19-октябрда окуу жайдын мааракесине карата иш чаралар өткөрүлүп, Эл аралык жогорку медицина мектебинин 15 жылдыгын белгилөө салтанаты  да  болуп өтмөкчү.

Ал эми 20-октябрда улуттук «Кабар» маалымдоо агенттигинде «КЭАУ» АК дун 25 жылдык мааракесине карата 25 кадамды ишке ашыруу,   жана окуу жайдын өнүгүү келечеги тууралуу  пресс конференция уюштурулат. Түштөн кийин Батыш кампуста «КЭАУ» АКдун Чоң илимий кеңешинин жыйыны болуп, анда 25 жылдык юбилейге 25 кадам программасынын жана декаданын  жыйынтыгы чыгарылат.

Кыргыз Эл аралык университети мындан ары да жаш муундарга татыктуу билим берүү боюнча өзүнүн ишмердүүлүгүн талыкпай уланта берет.

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу