Өлкөдө эки завод жаңылангандан кийин кант кызылчасын сатууда көйгөй болбойт

«Кошой» менен «Кайыңды-Кант» заводдорун жаңылоо менен өлкөдө кант кызылчасын сатуу маселеси чечилет. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун дыйкандары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өкмөттүн аппаратынан маалымдашкандай, дыйкан чарбалардын биринин жетекчиси өндүрүлгөн түшүмдү сатууга жардам берүүнү сураган. Жээнбеков бул көйгөйдү чечүүнү убадалады.

«План боюнча «Кошой» жана «Кайыңды-Кант» заводдору модернизациядан өтүп жатат. Мындан кийин кант кызылчасын сатууда маселе болбойт», — деди ал.

Экономика министрлиги 2016-жылы күзүндө ички рынокто кумшекер боюнча импорттун үлүшү 80–82% экенин билдирген.

2015-жылы «Кайыңды-Кант» акционердик коому тарабынан 24,1 миң тонна кумшекер өндүрүлүп чыгарылган. Бул өлкөнүн шекер боюнча керектөөсүнүн 20% түзөт. Орто эсеп менен Кыргызстан жыл сайын 110 миң тонна кумшекер керектейт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу