Өлкөдө биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтөт.

Кыргызстанда биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтө турганын Кыргызстандагы туроператорлор ассоциациясы билдирди.

Иш-чара ички туризмди өнүктүрүү, бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусу үчүн ыңгайлуу аянтча түзүү максатын көздөйт. Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде өтө турган фестиваль 27-28-май күндөрүнө белгиленген.

Уюштуруучулар кыргызстандыктарды аталган иш-чарага катышып, өз продукциясын көрсөтүп кетүүгө чакырат.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу