Өлкөгө АКШ менен Прибалтикадан мыйзамсыз машина алып келгендер тутулду

Учурда ушундай эле жол менен Кыргызстанга машина алып кирүү боюнча фактыларды аныктоо боюнча аракеттер көрүлүп, ага тиешеси барлар текшерилип жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн райондук транспортту жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адисин кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, кылмыш жаза кодексинин 204чү (аткезчилик), 304чү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасалмалоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) менен буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган жаран кызыкдар тараптар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Бажы биримдигине кирбеген мамлекеттерден (АКШ, Прибалтика, Грузия) автоунааларды салык төлөбөй алып кирүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурган деп айыпталууда.

«Сентябрдын башында Lexus жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаалар Кыргызстандын аймагына салык төлөөсүз киргизилип, мамлекетке 3 миллион 204 миң сом зыян алып келген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ушундай эле жол менен Кыргызстанга машина алып кирүү боюнча фактыларды аныктоо боюнча аракеттер көрүлүп, ага тиешеси барлар текшерилип жатат.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу