Өлкөбүздүн өнүгүүсү региондорду өнүктүрүү аркылуу ишке ашат.

12-июлда президент Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барды. Адегенде Талас районундагы «Манас-Ордо» улуттук комплексине барып, андан соң Талас районундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр авто жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Аталган долбоорлор боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбы мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалыматтарды беришти. Ошол эле күнү мамлекет башчысы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, ал жакта «Чыңгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси курула турган жерди карап чыгып, парк жана музейдин обьектилеринен турган келечектеги комплекстин эскизи менен таанышты. Президент өз сөзүндө быйылкы жылы дүйнө мамлекеттеринде жана анын ичинде Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды. «Кыргызды дүйнөгө «Манас», анан Чыңгыз Айтматов таанытты. Биз улуу жазуучубуз менен сыймыктанабыз. Бул комплекс «Манас-Ордо» комплексиндей эле руханий жайга айланып, бүт дүйнөдөн улуу жазуучунун талантын урматтаган адамдар келет деп ишенем», — деп белгиледи мамлекет башчысы. Ал жерден президент С. Жээнбеков жергиликтүү жашоочулар менен да баарлашууга үлгүрдү. Айыл тургундары президенттен бул долбоорду жүзөгө ашырууну өз көзөмөлүнө алып, аягына чыгаруусун суранышты. Андан соң президент Кара-Буура районунун Аманбаев атындагы айыл аймагындагы жаңыдан курулуп бүткөн оорукананын ачылышына катышты. «2018-жыл менин Жарлыгым менен Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Биздин коомдун тамыры айылда. Маданий, тарыхый, руханий көрөӊгөбүз айылда. Айылдар бар учурда улуттук каада-салтыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жоголбойт. Өлкөбүздүн өнүгүүсү региондорду өнүктүрүү аркылуу ишке ашат. Биздин милдет — элет жеринде адамдын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Негизги талаптардын бири — элибиздин ден соолугун сактоо, чыңдоо», — деп белгиледи ал ачылыш аземде мамлекет башчысы. Ошондой эле ал саламаттыкты сактоо мекемелерин куруу, оңдоо-түзөө иштерине жылына бюджеттен миллиарддаган акча каражаттары бөлүнүп жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы оорукананын жамааты менен жолугушууда дарыгерлердин түйшүгү көптүгүн, бирок алган айлык акылары аз экенин билдирип, андыктан дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын кошумчалады. Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы оорукананын башкы дарыгери А. Бокоевге 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Андан соң Бакай-Ата районундагы «Азра жемиштери» ЖЧКсына барып, ал жактан 2014-жылы тигилген алма багын көрдү. Бактын ээси, ишкер Миргазы Оморов 40 гектар жерге 90 миң түп интенсивдүү типтеги негизинен 5 сорттогу — «Айдаред», «Голден Делишес», «Рэд Чиф», «Гренни Смит», «Гала» сортундагы алма көчөттөрү отургузулганын айтты. Мамлекет башчысы Кыргызстан башка өлкөлөрдөн экологиялык жактан таза продукция өндүргөнү менен айырмалана турганын белгиледи. «Сиздердин компания экологиялык таза шартта алма өстүрүү менен алектенет. Мындай продукция ЕАЭБ рыногунда жакшы сатылат, бул алма менен чоң рынокко чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Сиздер өлкөнү жана регионду өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп жатасыздар, адамдар үчүн жумуш орундарын түзүп жатасыңар. Ишкерлерди, өзгөчө региондордогу ишкерлерди колдоо максатында мамлекет тарабынан сиздер сыяктуу ишкерлерге айыл чарба тармагында өз ишин өнүктүрүп жана өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүүгө жардам бере турган Кепилдик фонд түзүлгөн», — деди президент С. Жээнбеков. Ошондой эле ал мына ушундай үзүрлүү эмгектенип жатышкандары үчүн компаниянын жетекчиси Миргазы Оморовго жана анын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу