Өлкөбүздүн бар экенине шүгүр кылалы

Саясатташып чачташып, диндешип тытышканды токтотуп, мамлекетибиздин бар экенине шүг€р дей турган мезгилге жеттик окшойт. Дегенибиз, Орусиянын Билим берүү министрлигинин окуу планына ылайык Татарстанда эне тили, т.а. татар тили милдеттүүтүрдө окутулбай калды. Мындан ары мектептерде татар тилин ким кааласа мурдагыдай алты саат эмес, эки саат гана окуйт.

Орусиянын башка жумурияттарында да мамлекеттик тилдер ушундай жол менен үйрөтүлмөкчү. Мунун түбүндө кандай саясат жатканын барыбыз түшүнуп турабыз, демек кеч боло электе башыбызга конгон бакты, колубузга конгон кутту туура түшүнүп, өз түндүгүбүз бар экенине топук кылып, кыргыз үчүн иштей турган учурга келдик. Чырдашканга чекит коюп, өлкө үчүн тер төгөлү.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу