Өлдү жигит

Өлдү жигит, өчтү жашоо чырагы,
Өсчү жигит кырчынында кулады…
Чындык калды жүрөгүндө Уландын, Чымын жаны чын дүйнөгө узады…

Азууларын айга жанып кайраган,
Акыйкатсыз ажал кандай карачы.
Жаш кырчындай өмүр өчтү өкүттө,
Эх чиркин ай, кандай айла табалы..?

Өткүр эле курчтугуна ченем жок,
Таасын эле ар бир сөзү аткан ок.
Кайран жигит жем болдубу көркоого,
Капыс жерден ажал алды ноктолоп…

Чолпон Жылдыз 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу