ӨКМ: филармониядагы өрттү өчүрүүгө беш бөлүм тартылды

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өрт чыкты. Аны өчүрүүгө беш бөлүм тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо тууралуу кабар түшкөндөн кийин аны өчүрүүгө бүгүн саат 12:26да алгач эки бөлүм, кийин дагы үч бөлүм тартылды.

Филармониянын кызматкерлери «Азаттыкка» өрт саат 12лер чамасы, имараттын бешинчи кабатындагы «Камбаркан» фольклордук оркестринин классында чыкканын билдиришти. Имараттагылар сыртка чыгарылганын айтышты.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу