ӨКМ министри К.Боронов кыргыздарды Кырганды качан токтотот

ӨКМ министирлигинин кайдыгерлигинен тоо таянып жашап келе жатышкан тоолук кыргыздар чекесинен кырыла баштады десем ким калп деп айта алат.

Бул министирлик карапайым калктын тагдыры менен ойногонду качан токтотот. Акыркы эле 2 жылдын ичинде мындай адам өлүмү менен коштолгон табият кырсыктары ондоп саналат. Алардын айрымдарын атай турган болсок: Сузак районуна караштуу Кыржол айылында үйлөрдү жер көчкү басып калып 6 адамдын өмүрү кыйылган. Жакында эле Өзгөн районунун бир айылыда жер көчкү жүрүп, бир жаш үй-бүлө эки жаш баласы менен көчкү астында калды. Ал эми бүгүн болсо, ушул эле Өзгөн районунун Аюу айылында бир нече үйдү жер көчкү басып калып 24 адам бей ажал набыт болду.

Ушундай массалык адам өлүмү менен коштолгон кайгылуу окуяга жоопкерчиликти мойнуна алып, жазага тартылыштын ордуна кайра “Көчпөй коюушту”- деп өлгөндөрдү күнөөлөп жатышы, өлгөндүн үстүнө көмгөнгө барабар эле кордук болуп калды.

Өкмөт башында турган бул министирлик бири-бирине адвокат болуп, өздөрүнөн жоопкерчиликти алып таштоо максатында “Көч десек, көчпөй коюушту”- деген оңой шылтоону таап алышты.

Деги айткылачы айланайындар! Көчкөндө каяка көчөт жана кантип көчөт? Бардык шарты менен жер тилкеси берилбесе, кредит маселеси чечилбесе, качанкы 1994-жылы башаламан берилген жер тилкелерин колко кылып 20-30 жыл өткөндөн кийин көчкүлө десеңер. Азыркы учурда бул үй-бүлөлөрдүн көч десе эле көчүп, чыгып кетүүгө эч кандай шарты жок, колундагы бирнекин малынан башка.

Бул олуттуу маселеде өкмөт баш, министрлик төш болуп, саясий чечимдерди кабыл алып, өлкөбүзгө келип жаткан гранттардын эсебинен бардык шарты бар жер тилкелерине көчүрүп койсоңор болмок, анткени мамлекетибиздин башкы байлыгы бул – биздин элибиз. Тилеке каршы мындай саясий эрк бизге жетишпей келет.

Союз учурунда буга окшогон массалык адам өлүмү менен коштолгон окуяларга жооптуу кишилер кызматынан эле кол жуубастан, жеке жоопкерчилиги каралып, 10-15 жылдап камалган учурларын улуу муундун өкүлдөру жакшы билишет.

Эмне үчүн бүгүнкү күндө бир да киши жазага тартылбайт? Жооп: “Көч десек, көчпөй коюушту”. Бул актануу эмес. Көч десек, көчпөй коюушту дебей, күчкө салып көчүрүшүңөр керек болчу. Таптакыр болбой калды дегенде, 48 саатка камап койсоңор тирүү калып, силерге рахмат айтпайт беле.

Согуш мезгилинде  Сталин 24 кишини эмес, чечен деп аталган бүтүндөй бир элди 24 сааттын ичинде үйлөрүнөн сууруп чыгып, ой боюуна койбой вагондорго отургузуп, көчүрүп жиберген. Көчүрө турган киши мына ушинтип көчүрөт орток Боронов. Бүгүн 24 киши өлсө, кечиктирилгис тергөө иштери жүргүзүлүп, Боронов баш болгон 24 киши камалыш керек болчу. Бул оор кылмыш! 24 тоок өлгөн жок да. Эртең эле дагы бир жерде 30 үйдү көчкү басып, 150 киши өлбөйт деп ким кепилдик бере алат? Эмне Боронов  “Көч десем, көчпөй коюушту”- деп дагы президентти алдайбы? Эми президент  алданбайт. Тескерисинче, катуу жазалайт. Эгерде Боронов кесипкөй, алысты көрө билген адис болгондо, өзү иштеп келген 5-6 жалдын ичинде, өзгөчө кооптуу деген бештен эле үй-бүлөнү бюджетине киргизип, коопсуз аймака көчүрүп келгенде, бүгүн 24 адам өлмөк эмес. Бул маселени “Мен чечем”- деп чечинип чыккан кишиге чечилчү эле маселе болчу. Бирок, Бороновдун буга саясий эрки жеткен жок. Ошондуктан, бүгүнкү окуяга күнөөлүү деп эсептейбиз.

Учурда, өкмөттө да, министрликте да тууганчылык, жердешчилик маселеси күч алып, бири-бирин калкалап, билсе билмексен, көрсө көрмөксөн болуп катуу талап коюлбай келет. Ушундай учурда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер А.Сүйөкуловдун “Ыймандуу, туура бий болом десең, тууганчыл болбо”- деген акылман сөзү айласыздан эсиңе түшөт. Ал киши айткан экен: “Биз И.Раззаков экөөбүз он жылдап бирибиз өкмөттү, бирибиз өлкөнү башкардык. Таза иштедик, таза бололу дедик. Тууганчыл болгон жокпуз. Коомго үлгү бололу дедик”— деген экен кайран киши. Биз качан таза иштеп, качан таза болобуз? Качан жоопкерчиликтен качпай, колубуз менен кылганды, моюнубуз менен тартканга үйрөнөбуз? Ошондуктан, мындан ары Бороновдун өз ордунда калганга моралдык укугу жок, андыктан тез аранын ичинде отставкага кетиши керек.

 

Абды Сүйөкулов атындагы

коомдук фондтун төрагасы                                                                          С.Бекботоев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу