ӨКМӨТ ӨТҮРҮК АЙТТЫБЫ?

Кыргызстанда жалпысынан 166 ири мамлекеттик ишкана болсо ошонун 7-8 гана Кыргызстандын бюджетине ири салым кошкон ишканалар болуп эсептелээрин өкмөт башчы С.Жээнбеков Жогорку Кеңешке берген отчетунда божурады. Тактап айтканда 2016-жылы: «Альфа Телеком» ишканасы -1,3 млрд;

«Манас» эл аралык аэропорту -362 млн; «Кыргызалтын» ААКы -255 млн сом;

«Айыл Банк» —100 млн сом;

«Кыргызтелеком»- 62 млн сом;

«Кыргызнефетгаз» — 61 млн сом

«РСК Банк»- 43 млн сом;

«Дастан» ишканасы — 39 млн сом бюджетке киреше киргизген экен. Эгер өкмөттүн айтканына таяна турган болсок, калган 150 ишка­на бекерчилик менен алпурушуп, мамлекеттен айлык алып жатышабы? Же сол чонтөктү көздөй солонуп, башында турган саналуу чиновниктердин чөнтөгүн толтуруудабы? Кыргызстанды экономикалык кризистен сууруп чыга турган ишенген мамлекеттик ишканалардан пайда болбой жаткан соң жеке менчик ишканалардан салыктан башка киреше түшмөк беле? Баса, казынанын куржунун кампайтабыз деп салыктан бошонгон ири 62 ишканалардын «исписогу» көрүнбөйт го, өкмөт башчы айткан тизмеде?

Булак : «Айгай пресс»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу