Өкмөт өкүлдөрү менен депутаттар футбол талаасында беттешет

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөттүн өкүлдөрү футбол ойношот. Уюштуруучулардын бири, вице-спикер Мирлан Бакировдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, ага төрт команда катышат. Мелдеш сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулуп жатат.

— Мелдешке депутаттардан эки, өкмөттөн эки команда катышат. Байге фонду көп деле эмес. Оюн спорттуу даңазалоо жана өкмөт менен парламент ортосундагы ишти активдештирүү, саясатта, отчетто гана эмес, спорт аянтчасында да беттешип, күч сынашуу максатында уюштурулуп жатат.

Бакировдун айтымында, депутаттар арасынан тандалган спортчулар 18-21-октябрда Москва шаарында өтө турган парламент аралык спартакиадага катышат. Анда катышуучулар шахмат, футбол, бильярд сыяктуу спорттун бир канча түрүнөн күч сынашат.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу