Өкмөт элге Убактылуу «УПЧУ» эмгиздиби?

Бул жуманын урунттуу окуясы уран жайдагы абалдын талкууга алынышы болду. Эл деген сел экен. Эки күн дегенден, 2010-жылы лицензиясын алып, 2012-жылдан баштап камырабай ишке кирген уран жайды убактылуу жабууга аргасыз кылды. Туура эле. Туристик аймак болгон көзгө басар жалгыз көлүбүздү, келген туристтерге «абайла, ууланасың» деп кантип бармак элек. Мына ошону түшүндү же элдин эпкининен айбыгып кеттиби, өкмөт башы М ухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертиза аяктаганга чейин Кызы-Омпол тилкесиндеги уран кениндеги иштерди токтотуп турууну тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чечим «кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде кабыл алынганын расмий булактар жазып чыгышты. Бардык топтордон түзүлгөн комиссия, кендин аймагы боюнча өз изилдөөлөрүн жүргүзөөрү айкын болду. Эл дале болсо бул чечимдин күчүндө болоорунан чоочулап, «бул өкмөттүн элди алаксыткан упчусу» катары сыпатташууда. Буга Абылгазиевдин арсар айткан кептери негиз болууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран кенине байланыштуу бардык чечимдер ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгын эске алуу менен гана, бардык акыркы анализдер жана техникалык экспертизалар алынгандан кийин кабыл алынарын белгиледи. Канчалык ишеним бар, эртең экспертиза «кен эч кандай зыянын тийгизбейт» деп жыйынтык чыгарып, шордуу элди өз укукчу уулдарына «фас» деттирип койбосуна?

Булак:Факты кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу