Өкмөт оор турмушта тарбияланып жаткан балдардын базасын түзөт

23-январда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жашоо шарты оор үй-бүлөдө чоңоюп жаткан балдардын электрондук маалымат базасын түзүү боюнча жыйын өткөрдү. Анда вице-премьер-министр бул бүгүнкү күндө өтө зарыл маселе экенин белгилеп, ар кандай кырдаалды алдын алуу үчүн ыңгайлуу система түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү тийиштүү органдарга тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул электрондук базада ата-энеси жок тарбияланып жаткан жана майып балдардын тизмеси түзүлөт. Мындай система балдарга карата зомбулук катталган учурда ыкчам жардам берүүнү шарттайт.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2018-жылы жашы жете элек балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук фактысы катталган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу