Өкмөт Кыргызстандагы Кытай жарандары тууралуу түшүндүрмө берди

2018-жылы Кыргызстандын аймагына 35 215 Кытай жараны келген. 

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берип жатып билдирди.

Боронов билдиргендей, 35 миңден ашык Кытай жаранынын келгени 2017-жылга салыштырмалуу 10%га аз. Ошол эле учурда Кыргызстандан 34 миңден ашык кытай  чыгып кеткен.

Боронов акыркы мезгилдерде коомчулукта Кыргызстанда жүргөн кытай жарандарынын байланыштуу ар кыл маалыматтар таркап жатканына токтолду.

“Эгерде Кыргызстан Кытайга болгон карыздан кутулбаса, өлкө аймагынын бөлүгүн берүүгө мажбур болот деп айтылууда. Бул чындыкка жатпайт, мындай келишим жок жана болушу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда”, – дейт Боронов.

Биринчи вице-премьер быйыл эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 27 жылдыгы белгиленерине токтолду. Кытай мамлекети Кыргызстанга ар дайым колдоо көрсөтүп, кайтарымсыз жардамдарды берип келгенин белгиледи.

“Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү кытай ишканаларынын саны 397ни түзөт, мындан тышкары 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы  3,8 миллиард сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн, – деди өкмөт өкүлү.

Мындан улам Боронов жарандарды социалдык тармактардагы чагымчыл маалыматтарга алдырбоого чакырды.Түрдүү акциялардын баары мыйзамсыз жана бул өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталганын белгиледи.

7-январда Бишкекте Кыргызстандагы Кытай жарандарынын мыйзамсыз миграциясына байланыштуу митинг өткөн.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу