Өкмөт: Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун макулдашуусун бузду

Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына расмий кайрылуу жолдоду.
Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу “Азаттык” радиосуна ырастады. Анда Казакстан аталган уюмдун тариф жана соода боюнча негизги, башкы нормаларын жана уюмду негиздөө жөнүндөгү макулдашууну бузганы белгиленген.

Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөндөн кийин жарандарды жана транспортту өткөрүү “Ак жол” менен “Ак тилек” өткөрмө бекеттеринде 2,4 эсеге кыскарганы айтылат.

— Кыргызстан Казакстан сыяктуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсү катары өз укуктарын уюмдун алкагында коргойт, — деп жазылган расмий кайрылууда.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Бүгүн, 17-октябрда Кыргызстандын Экономика министрлиги Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына кайрылды. Анда казак тарап Евразиялык экономикалык биримдиктин укуктарынын нормаларын сактабай жатканы айтылган.

Чек ара кызматы бүгүнкү күндө “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 150дөй киши, “Ак-тилек” бекетинде 130дай оор жүк ташуучу, 20дай жеңил машина кезек күтүп турганын кабарлаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу