Өкмөт башына ким келбесин мактагандан башканы билбеген эксперт

Жумакадыр Акенеев аттуу айыл чарба жана экономика тармагы боюнча адис, илимдин
доктору бар. Ар дайым айыл чарбасына, экономикага байланышкан маселелер
туурасында дамамат ой-пикирин билдирип турат. Бирок бул эксперт качан болсун өкмөт
башына ким келбесин, мыкты иштеп жатат, өсүш ойдогудай дегенден бөлөктү айтпайт.
Дагы да болсо ошол багытты карманып: «Сооронбай Жээнбековдун ар бир тармакты
коён жатагынан бери билгени, маселени туура коюп, анын чечилишин көзөмөлгө алып,
иштен жыйынтык чыгара турган жетекчи экени ачык байкалды. Мен аны Кыргызстандын
эгемендүүлүк тарыхында эң мыкты иштеген өкмөт башчысы катары атайт элем», -деп
агынан жарылды… Албетте, позитивдүү ой жакшы. Бирок оозумдун жели коромок беле
деп мактай берген жарашпайт. Сын болбосо өсүш болбойт. Баары мыкты деп кыйкыра
берген советтик доор өттү да.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу