Өкмөт башчы айыл чарба министрин сындады

26-октябрда өткөн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди ишиндеги кемчиликтери үчүн сынга алып, анын жеке жоопкерчилигин дагы эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда Нурбек Мурашевди кабыл алып, “рыноктун баасын алдын алуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жетишсиз” болуп жатканын сынга алган.

Буга чейин дыйкандар картөшкө, жүгөрү, пияз, сарымсагын сата албай жатканын айтып чыккан. Айрыкча өкмөткө ишенип, картөшкөнү көп айдап алгандардын чыгымы акталбай турат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев мекеменин ишине карата айтылган сын пикирлер тууралуу жооп берип, эгерде жетекчилик «ишти жакшы алып кете албайт» деген чечимге келсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин айткан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу