Өкмөт башчылыкка Узарбек Жылкыбаев жаштык кылат

Үзөңгүдөн буту тая баштаган премьер-министр Мухаммедкадый Абылгазиевдин орду көшөгө артынан талкууга түшүп, күтүүсүз да фамилиялар атала баштады. Маселен, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Бу жигит өзү түзүк болсо керек, бирок өкмөттү жетектеп кетүүгө жаштык кылат, тажрыйбасы али жетиштүү эмес. Артка кылчайсак, Жылкыбаев 2015-жылга чейин пансионатга иштеп жүрүп, үлкөн саясатчылардын тилин табат да, Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болуп, андан кийин Ысык-Көл облусуна губернатор катары азыраак отуруп, андан соң Ошко которулат. Премьер-министр болуш үчүн бери жагы 15-20 жыл жетекчилик кызматтарды аркалап, элдин жүгүн көтөрүп, мамлекеттик деңгээлдеги дасыккан, таза жолду басып өткөн кадр болсо жарашат да, туурабы? Ошондой эле калың калк тааныган, баалаган инсанга айланыш керек. Ал эми Узарбектин карьерасы жаңыдан башталып келатат, келечеги али алдыда, бөөдө эрте сүрөп алып, белин майтарып албайлы…

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу