Өкмөттө үч министр алмашат

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчилигине Эмил Осмонбетовдун, Юстиция министрлигине Марат Жаманкуловдун, өкмөттүн аппарат жетекчи кызматына Шамилбек Асымбековдун, талапкерлигин карап чыгуу боюнча сунушун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Эртең талапкерлерди парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карайт. Осмонбетов буга чейин аталган комитетте жетекчинин орун басары болуп иштеген. Ал эми Жаманкулов өкмөттө юридикалык бөлүмдө жооптуу кызматта иштеп келген.

Булак: «Багыт» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу