«Өкмөттө турганда өзүм каалабаган айрым дайындоолорго, чечимдерге макул болгом»

Мурунку премьер-министр Темир Сариев “Марал” радиосуна берген маегинде өкмөттө иштеп жүргөндө өзү каалабаган айрым дайындоолорго, чечимдерге макул болгонун билдирди.

«Алар чоң саясатка таасир тийгизбейт. Бирок иштин эффективдүүлүгүнө таасир эткен болушу мүмкүн. Мен өкмөттөн кетип жатканда өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, ыраазычылык билдиргем. Силердин астыңарда мен тазамын деп айтып кеткем. Бул менин турмуштагы принцибим», — дейт Сариев.

Ал буга кошумча, Балыкчы — Корумду жолу башка жолдорго салыштырмалуу кеминде 2 эсеге арзанга сылынганын белгиледи.

«Кара-Балта – Бишкек жолуна 1.5 млн доллардан ашык каражат кетти. Айлалары кетип, Балыкчы — Корумду жолу кымбат салынганын айтышкан. Бул атайын чыгарылган ушак. Ошол убакта президент тарабынан да калп айтылган. Бул Сариевди кетирүү саясаты болгон. Аны кийин Канат (ред: -Исаев) өзү айткан«, — дейт Сариев.

Эске салсак, Сариев 2016-жылы Балыкчы-Корумду жолун курууда чыккан чырдан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Булак: Марал 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу