Өкмөттү сындаган Бельянинов Атамбаевдин үйүндө конок болгон

Евразиялык өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельяниновдун “Кыргыз бийлиги тез-тез алмашып турат, ким менен сүйлөшүштү билбей каласың” деп айткан сөзү парламентте катуу айтылды. Кызыгы бул теманы жалаң Бельяниновдун досу Атамбаевге караштуу депутаттар көтөрдү. Алар деле Андрей Бельянинов орустардын бажысын башкарып турган учурунда коррупцияга шектелип, ФСБ үйүн тинтүүгө алып, уят болгонун жакшы билишет. Бирок, ошол коррупцияга шектелип, аброю түшүп калган кишинин айткан сөзү менен чоң саясат жасап, көздөгөнүнө жетишти. Акыркы жолу Бельянинов Кыргызстанга келгенде Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барып, конок болуп кеткенин неге айтышпайт? Атамбаев өзү деле ал кишини коноктогонун саясатчыларга айтып мактанып жүрбөйбү. Кыргыз Өкмөтү Бельяниновдун дарегине катуу сын айтканы атамбаевчилерге керек болчу. “Мына, бул бийлик Кремлге каршы чыгып жатат” деп актанганга негиз болуп бермек. Абулгазиевдин кечээки сөзү анын креслодо калуу мүмкүнчүлүгүн кыйла төмөндөттү. Путин бул жакка келе турган болуп жатканда орустардын, болгондо дагы ишенимдүү кадрына акаарат айттырууну көздөгөндөр максатына жеткендей болушту.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу