Өкмөттүн канча байлыгы бар экени аныкталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду инвентаризацияны аяктады. Бул тууралуу фонддун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Бакыт Мураталиевдин маалыматында, Өкмөткө тиешелүү ишканалардын базар баасы 86 миллиард сомду түздү. Анын 12 миң 279 мамлекеттик имараттар 14,4 миллиард сомго, 15 миң 768 имарат 17,1 миллиард сомго, 1 миң 118 жер тилкеси 1,069 миллиард сомго
бааланды. Мындан тышкары мамлекетте 3,2 миллиард сомдук 9 миң 90 автоунаасы бар. Техника жана жабдуулар 16,4
миллиард сом өлчөмүндө.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу