Өз өлкөсүн карызга батырып, коррупцияны гүлдөткөн Атамбаев элди кандай максатта көтөргүсү келет?

Дээрлик 21 жыл ичинде Кыргызстандын алган тышкы карызын экс-президент Алмазбек Атамбаев алты жыл ичинде эле эки эсеге көтөрүп салганын, учурда баш-аягы 4,5 млрд доллардын тегерегинде тышкы карызыбыз бар экенин элдин баары билет. Албетте, тышкы карызы жок мамлекет жок дүйнө жүзүндө. Бирок, ошол алынган тышкы карыздар максаттуу пайдаланылган болсо башка кеп болот эле. Тилекке каршы, А. Атамбаевдин доорунда чет мамлекеттерден алынган ири суммадагы тышкы карыздардын жарымынан көбү жеке чөнтөктөргө багытталып кеткени билинип калбадыбы.

Эгерде жыл башында Бишкек ТЭЦинде авария болбосо, балким жабылуу аяк жабылуу бойдон эле калмак экен. Кудай баарын карап тураары чын экен, АША бийликтен кеткенине 3 ай болуп-болбой жатып ТЭЦте авария болуп, анан аны модернизациялоодо ири коррупция жойлоп кеткени ачыкка чыгып калды. Бир кычкачтын баасын 640 доллардан (базардагы баасы ашып кетсе 100 сом) документтештиришкенден кийин башкасын айтып нетели. Анын артынан Улуттук тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция, анын алдында мурда төшөлүп туруучу кымбат баалуу таштын учурда А. Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайынын короосуна төшөлүп калганы билинди. Дагы башка А. Атамбаевдин учурунда жасалган жана башталган ири долбоорлордон шек саноолор башталды.

Анан дагы АШАнын өзү коррупция менен күрөшүмүш этип атып, контрабанданын башында өзү турганы да ачыкка чыкты. Муну «Дача СУга» кулаган учактагы жүк тастыктады. А. Атамбаевдин байлыкка тойбогонунан улам 39 мекендешибиз таттуу уйкуда жаткан жеринен шейит кетишти. Ошондо да ал кырсык болгон жерге бир басып барып койгон жок. Айтор, АША алты жыл ичинде өзүнүн шоопуру, жансакчылары, күйөө балдары, катчы кыздары менен өлкөнү каалагандай калчашканы билинди. Диплому жок эле жансакчыларын, шоопурун үлкөн кызматтарга дайындаганын билдик. Ошолордун колу менен контрабанданы өзү көзөмөлдөп келгенин да жашырууга болбой калды.

Мына ушунун баары билинип калган соң, ал элдин көңүлү башка жакка буруу максатында трайбалисттик саясатын да жүргүздү. Албетте, өзүнүн маалыматчылары аркылуу. Эми болсо, «күзүндө элди көтөрөм, ага болбосо жазында көтөрөм, ошого даяр болгула» деп 30 чакты Чүйдүн аттуу-баштуу саясатчыларын, аксакалдарын чогултуп чай бергенин эшиттик. Айтор, ал эмне кыларын билбей чабалак турат. Бирок, контрабандист, коррупционердин артынан эл ээрчибей турганын азыр эле эсине салып койгубуз келет. Эл андайларга каршы күрөшөт. Андыктан эми бузукулугун улантпай, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетирбей, тынч отурганы жакшы болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу