Өз-өзү менен сүйлөшүү эмнени билдирет?

Жакындарыңыздын, аялыңыздын (же күйөөңүздүн) өзү менен өзү сүйлөшүп жүргөнүн көргөн чыгарсыз? Же болсо өзүңүз ушундай кылат чыгарсыз? Өз-өзү менен сүйлөшүү эмнени билдирет? Кээ бирөөлөр өзү менен өзү сүйлөгөн кишини көрсө «буга эмне болгон» деп ойлойт. Ошол туурабы?

Негизинен, дүйнөнүн бардык даанышмандары ушундай адатка ээ. Поэзия менен адабият – бирөөнүн ички монологу.

Өзү менен өзү көбүнчө аялдар сүйлөшөт. Мисалы, бир нерсе жасап жатканда жумушу өтө көп болуп кетсе өздөрүнө: «бул ишти жасаймын, андан кийин тигини, андан кийин кир жуйм» деп иштеш керек нерселерин иретке келтирип алат. Ал аялдардын оюн жыйнактап, жумуштарын тез бүтүрүүгө жардам берет. Өз-өзүнө буйрук берип отуруп жумушун тез жана тыянактуу аткарат.

Психологтор өз-өзү менен сүйлөшүү пайдалуу экендигин айтышат. Ал эч кандай акыл-эстин кем экенин билдирбейт. Тескерисинче, адам өз-өзүнө сүйлөп ар тарапка чачыраган ойлорун жыйнактайт, өзүн-өзү тынчтандырат, эмоцияларын иретке келтирет.

Ошондуктан аялыңыз өзү менен өзү сүйлөшүп жүрсө, ага таң калып карабаңыз же «сага эмне болду?» деп чочубаңыз! Себеби алар үн чыгарып ойлонушат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу