Өз-өзүңүздү кантип жакшы көрүү керек?

Эң башкы үч тоскоолдукту бошотуңуз өз-өзүңүздү кабыл алып, жакшы көрүп, бактылуу болууга карай кадам жасайсыз. Ал кандай үч тоскоолдук десеңиз?

Тегерегиңиздегилердин пикири

Эч ким сиз үчүн өмүр сүрбөйт. Эч ким сиздин жашооңузга жооптуу эмес. Ошондуктан тегеректеги адамдардын пикирине көз каранды болууну токтотуу керек. Өзгөлөр менен урушуп-талашуунун да кереги жок. Болгону ички туруктуулукту, тынчтыкты сактап, өз максатыңыздын жолунда иштей бериңиз.

Өткөндү каза берүүнүн кереги жок

Өткөн нерсе эми кайрылып келбейт, аны эч качан өзгөртө албайсыз. Өзгөлөргө эч нерсени далилдөөгө да тырышпаңыз. Өзүңүз үчүн өмүр сүрүңүз. Сизди түшүнгөн адам качан болбосун жаныңызда болот.

Коркунуч

Сресс, сагыныч, ишенимсиздик сизди ээлеп алган кезде көңүлдү коркунуч басат. Ушундай коркунуч баскан маалда ар дайым эскерип, каталарыңызды түзөп, коркунучтан арылуу үчүн жумуш иштөө керек.

 БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу