Өз-өзүңүздү кантип жакшы көрүш керек?

Эң башкы үч тоскоолдукту бошотсоңуз гана өз-өзүңүздү жакшы көрүп, бактылуу болуга карай кадам жасайсыз. Ал кандай үч тоскоолдук?

Айланадагылардын пикири

Эч ким сиз үчүн өмүр сүрбөйт. Эч ким сиздин жашооңузга жоопкерчиликтүү эмес. Ошондуктан тегерегиңиздеги адамдардын пикирине көз каранды болгонду токтотуу керек. Башкалар менен урушуп, согушуунун кереги жок. Болгону ички туруктуулукту сактап, өз максатыңызды көздөй беттей бериңиз.

Өткөндү каза берүүнү токтотуңуз

Өткөн нерсе кайра кайтып келбейт, аны эч качан өзгөртө албайсыз. Башкаларга эч нерсе далилдөөгө тырышпаңыз. Өзүңүз үчүн өмүр сүрүңүз. Сизди түшүнгөн адам качан болбосун жаныңызда болот.

Коркунуч

Стресс, сагынуу, ишенимсиздик дене бойду ээлеп алган кезде көңүлдү коркунуч басат. Ушундай коркунуч баскан кезде ойлонуп, катачылыктарды түздөп, коркунучту жок кылуу үчүн жумуш жасоо кажет.

БУЛАК:zaman.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу