Өз элин ичи тар, сасыктар деген ажо…

Атамбаев кайда барбасын өз элин басмырлап басып жүргөндү адатка айлантып алды. Буга чейин өнүккөн, дүйнөдөгү эң чоң мамлекет Индияга барып өлкөдөгү айрым адамдарды шыбатып, алар мени жөн гана каралап жатышат, Акаев волга менен жүргөндө мен мерседес минип жүргөнмүн, ошол учурда эле мен «мульти миллионер» болчумун деп балп эткенин жумурай журт көргөнбүз. Андан кийин өлкөгө Владимир Путин келгенде да аны жанына олтургузуп алып ушул сөзүн дагы бир ирээт айтып мактанды. Ал өз сөзүндө «мен мультимиллионер болуп калганда Салымбеков жаңы иштеп жаткан, ал эми Бабанов студент болчу» деп балп этти. Айрым оппоненттерин Путинге жамандап да алды. Алар жакшыбы-жаманбы кыргыздын жарандары. Өз жарандарын башка малекеттин башчысына жамандаган адатын дагы кайталады.

Кийин Европадан бул адатын бүткүл дүйнө коомчулугуна көрсөттү.

Ар-бир иш сапарында элдин оозун ачырган Атамбаев, бул жолу да Европага болгон сапарында ойт берме сөздөрдү сүйлөп элдин оозун ачырды. Керек болсо коңшу өлкөлөр менен болгон алакага зыяны тийе турган сөздөрдү айтып элдин бүйүрүн кызытты. Ал өз сөзүндө коңшу Казакстан менен болгон айрым орчундуу маселелерге токтолду. Ал сөзүн казак ММКлары учурда кызуу талкууга алып жаткан мезгили. Бир кездери Атамбаев «Нарындыктар койсуңар, Таластыктар эл эмес, Манас атабыз Каныкейди Ташкентке качырган» деп балп эткени дале элдин эсинде. Анысына деле мейли дейли, бирок ошол сөзүн Европада  кайталаганы эмнеси. Ал өз сөзүндө «Кыргыздар байыртадан эле ичи тар калк болгон, Манас атабыз өлөөр алдында бекеринен Каныкейди Бухарага качырган эмес» деп балп этти. Бул сөзү менен Атамбаев Европада туруп алып, жалпы кыргыз элин «ичи тар калк» деп айтты. Бүткүл дүйнөгө өз элин жамандаганы эмнеси. Же Текебаев айткандай Атамбаев чын эле Кокондон келгенби? Мындан тышкары Атамбаев «Евроньюс» теле каналы аркылуу  ичи тар саясатчыларды өзү менен кошо ала кетээрин, игил-мигилдин баары билимсиздиктин айынан келип чыгып жатканын, бизде андай коркунуч жоктугун, Кыргызстан бюджеттин 41 бөлүгүн билим берүүгө жумшаарын айтты. Ошол Европалык журналисттер Кыргызстанга келип репортаж жасап калса, биздин чатырларда окуп жаткан окуучуларыбызды көрсө уят болуп калбайбы деген ойго келет экенсиң. Атамбаевдин «Евроньюс» телеканалындагы сүйлөгөн цитаталары; “Айрым исламдык партиялардын лидерлери: “карагылачы, балким чын эле так ушул Кыргызстандын жолу менен өнүгүш керектир?” деп айтып жатышат, жана “Кийинки президент мен сыяктуу күчтүү жана принципиалдуу болбой калышы мүмкүн” деп тукуруп айтты.

Ал эми кечээ Кыргызстанга БУУнун башчысы Антониу Гутерреш келгенде пресс-конференция берип жатып, бапылдап сүйлөп, саясатчыларды жана журналисттерди сасыктар деп дагы балп этти. Булар да биздин эл, биздин жарандар эмеспи. Эми ушул сөздү ГенСектин жанында айта турган сөз беле. Андан көрө ага оппоненттерин жамандап, өлкөнүн терс жактарын айтып мактанбай, жакшы жактарын айтып мактанбайт беле. Дипломатиялык маселелерди талкууласа оң болмок, өзүнө да аброй алып келмек. Эми Гутерреш биздин элибиз тууралуу, башчыбыз тууралуу кандай ойдо кетти экен деген суроо туулбай койбойт.

Мен президенттин, эл башчыга таандык болгон, айкөлдүк, руханий, мырзалык, саясий эрктүүлүк, дипломатиялык жана принципиалдуулук сапаттардын жоктугуна толук ынандым. Эгер өз эли жакпаса, анан кантип өлкөнүн тузун татып, суусун ичип жүрөт?

Эгерде Атамбаев күчтүү жана принципиалдуу болсо  эмнеге айткан сөзү менен аткарган иши дал келбейт? Аттиң ай арман дегенден башка аргабыз жок…

Атамбаев биринчи миллион долларын качан, кантип тапкан?

Миллиондорду эсептемей президент Алмазбек Атамбаевден старт алган. Ал өткөн аптада башкы прокурор Индира Жолдубаевага 2003-жылы Түркиядагы өнөр жай ишканасындагы өз үлүшүн 45 миллиард лирага сатканы боюнча тиешелүү документтерди карматкан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 45 миллиард лира ошол кездеги курс менен 35 миллион доллар болгон деп тараткан. Бул маалымат боюнча коомдук ишмер Эдил Байсалов өз эсебин жүргүзүп, 2003-жылы лиранын долларга карата курсу боюнча 45 миллиард лира 26 миң 881 доллар болуп чыгарын жазды. “2003-жылы лира кунун жоготуп турган мезгил болчу, аталган валютанын деноминациясы же анын наркын көтөрүү үчүн акча бирдигин ирилештирүү процесси 2005-жылы гана болгон” деп жазды Эдил Байсалов өз баракчасына. Азырынча президенттик аппараттан же башкы прокуратурадан Байсаловдун билдирүүсүнө жооп боло элек. Ал эми мамлекет башчы биринчи миллион долларын качан тапкан жылын айтпаса да, ал мезгилде Салымбеков бизнесин эми баштаган, Бабанов Айыл чарба академиясында окуп жүргөн мезгил экенин билдирген болчу. Акыркы шайлоолордун жүрүшү ошентип миллиондорду жана мүлктөрдү акырындап ачыктай баштады. Күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата компроматтар согушу байлыктардын келип чыгуусун тушүндүрүп берүү маселесинен башталганы турат. Бул Кыргыз байлары үчүн оңой эмес маселе…

Алмазбек Атамбаев ар-дайым «мен мультимиллионермин» деп мактанганын койбоду.

Буга чейин өнүккөн, дүйнөдөгү эң чоң мамлекет Индияга барып дагы ушул сөзүн айтып мактанган. Кечээ жакында Владимир Путин келгенде да аны жанына олтургузуп алып ушул сөзүн дагы бир ирээт айтып мактанды. Ал өз сөзүндө «мен мультимиллионер болуп калганда Салымбеков жаңы иштеп жаткан, ал эми Бабанов студент болчу» деп балп этти. Айрым оппоненттерин Путинге жамандап да алды. Алар жакшыбы-жаманбы кыргыздын жарандары. Өз жарандарын башка малекеттин башчысына жамандаган адатын таштабады. Анан Алмаз Атамбаевге суроо; Сиз ар-дайым мен миллионермин деп мактанасыз, кантип миллионер болдуңуз, эмне сатып же эмне чыгарып? Себеби Бабанов бензин сатып, Салымбеков базар ачып, Турсунбеков ун сатып байышканын билебиз. Ал эми сизди соода-сатык кылат же бир нерсе чыгарып завод иштетет деп эч укпаптырбыз бул бир. Экинчиден адам баласы бир бизнес баштаарда алгач кичине акчасы менен баштап акырындык менен иштетип, аны чоңойтуп олтуруп миллионерге айланат. Ал эми сиздин бизнестериңиз тууралуу эл арасында ар-кандай кептер айтылып келет. Сизди чү дегенде эле килейген имараттары менен «Форум» жана «Автомаш» ишканаларын сатып алган дейт. Буларды сатып алууга каражатты кайдан таптыңыз? Сиз ар-дайым өзүңүзгө карата айтылган сын пикирлерге, дооматтарга жообуңузду өз убагында берип келесиз. Бирок эмнегедир Аскар Акаевдин сиз боюнча айткан дооматына карата жообуңузду берген жоксуз. Акаев сизди Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 миллион рублди өз пайдасына жумшап жеп алып, ошол акчанын негизинде иш-каналарды сатып алган деп айтып чыккан, ушул боюнча ооз ачпай келесиз. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» демекчи Акаевдин бул сөзүнүн чындыгы барбы? Эгер сиз калыс болсоңуз УКМКга Акаевдин мага карата айтылган айыптоосун текшергиле деп тапшырма берсеңиз эл дагы ыраазы болмок. Санаалаш досуңуз Текебаевди кайдагы бир элинен безген шылуун Маевскийдин билдирүүсүнүн негизинде камакка алдыңыз, ал эми сизди белгилүү инсандар айыптап жатпайбы? Мындан тышкары Мамлекеттик каттоодогу, Бажы кызматындагы, жана  Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупциялык иштердин болуп жаткандыгын бир топ депутаттар көтөрүп чыкты, керек болсо ошол жетекчилердин фамилия аттарына чейин аталды, сиз тараптан эч кандай реакция жок. Аларды да камап текшерүүгө алсаңыз адилеттүү болмок. Ушул көрүнүштөрдү карап олтуруп Текебаевди камакка алуу бул саясий куугунтук, бийликтин алсыздыгы деп түшүнсө болчудай. Сиз кечээ Путиндин жанында олтуруп бир-топ сөздөрдү айтып алдыңыз, ошол эле сиздер идеал тутуп жаткан Маевский учурда Орусиядан качып жүргөнү, Путиндин душманы экенин билсеңиз керек. Путиндин душманын жеке кызыкчылык үчүн пайдаланып жатканыңызга Путин таарынган жокпу? Сизге суроо; Сиз алгачкы миллионду кантип таптыңыз? Же Акаев айткандай чын эле алдамчылык жол менен таптыңызбы?

Айып этпеңиз Алмаз Шаршенович. Биз суроо бердик, жооп сизден

Текебаев 1 млн алса, ал эми Атамбаев 50 млн алыптыр, ал эмне үчүн камалбайт?

Өмүрбек Текебаевди бийлик мыйзамды одоно бузуу менен камакка алды. Эмнеге камакка алды? Жообу жөнөкөй, ал бир кездери 2010-жылы Маевский деген шылуундан 1 млн долллар алган имиш. Бул маалыматты шылуун Маевский атайын даярдалган сценарий менен баяндама жасап чыкты. Эмне үчүн ал жети жылдан бери үн катпай көчүгүн бекем кысып олтурду? Тескерисинче биздин бийлик ага 1 млн доллар берип, атайын сценарийдин негизинде аны жалдап, жалган маалыматты таратууга колдонуп жаткан жокпу? Себеби ал айткан даталарда Текебаев Москвага барбаганы далилденди. Бул жерде анын калпы ашкереленди. Биздин бийликтин, УКМКнын алсыздыгын ушундан байкаңыз, буга чейинки «Белизгейти», «Бакиевгейти», жана башка операциялары чабалдык менен уюштурулганы далилденди. Эгер ушундай бир тараптуу жалган жалааларды жабуу менен бийлик тынч жаткан элди козгоп албаса эле  болду. Кыргыз эли байыртадан чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн, мекен үчүн күрөшкөн, жана патриот-мекенчил уулдарын эч качан чөөлөргө таламайга салып берген эмес. Мейли Текебаев 1 млн алды дейли, аны камады. Анда эмне үчүн УКМК Алмазбек Атамбаевди да камакка алып аны текшербейт. Себеби Атамбаевдин дарегине дагы бир топ сындар айтылып, миллиондогон акчаларды сиңирип алганы айтылып жатат го. Текебаевди кайдагы бир «мошенниктер» айыптап чыкса, Атамбаевди  Депутат Текебаев, Академик Аскар Акаев жана башка көрүнүктүү инсандар айыптап жатканына карабастан аны эч ким текшерүүгө албаганы таңкалычтуу. Бул боюнча убагында залкар жазуучу Айтматов да өз пикирин билдирген жайы бар.  Акаев убагында Атамбаевдин кантип байыганын, жазуучулар союзуна Айтматов бөлдүрүп келген 50 млн долларды өз пайдасына жумшаганын айтып чыкпады беле. Бул эмне «мошеничествого» жатпайбы. Ал эми Акаев ошол акча кана деп Атамбаевди суракка алып, ал каражатты ордуна тургуз дегенде Атамбаев, Акаев мага карата карапиарды баштады, мени куугунтукка алып жатат деп, ошол учурдагы көрүнүктүү оппозиционер Текебаевдин колдоосуна муктаж болуп, Текебаевдин жанына кошулганы дале элдин эсинде. Учурда кас душманына айланткан Текебаевдин арты менен Акаевди жеңип, кийин Бакиевди кулатып бийликкке келгенин унуттубу? Учурда Атамбаев өзүнүн санаалаштарын ыргыта тээп, эски Акаевчи, Бакиевчи жепжутарлардын тилине кирип кеткени өкүнтөт. Азыр ошол реваншисттер толугу менен өлкөнү башкарып, жооптуу кызматтарда олтурганына коомчулук нааразы. Ал эми Атамбаевди Президенттик тактыга олтургузган, чындыкты, калыстыкты туу туткан санаалаштары борттон тыш калды. Бул көрүнүш атайын сценарий менен ойлонуп табылгандай, себеби бийликтеги Акаевчи, Бакиевчилер Атамбаевди өз досторунан алыстатып, керек болсо досторуна каршы айдактап аларды саясаттан сүрүп чыгарып, акыры Атамбаевдин өзүн аңга түртүп, кайра бийликти өз колдоруна алуу максаттары бар. Атамбаев эмнегедир алардын  тилине кирип кетти, кеч боло электе акылга келип, досторун эмес, жанындагы чөөлөрдү тазалабайбы?

Ө.Ч.Текебаев жыйырма беш жылдан бери Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө, өлкөдө парламентаризмдин орношуна чоң салым кошуп, өмүрүн арнап келет. Ал киши өлкөбүздүн демократиялык жол менен өнүгүүсүндө эбегейсиз эмгеги чоң. Эки жолку элдик революцияда карапайым калктын кызыкчылыгы үчүн күрөшүп, Акаевдик жана Бакиевдик үй-бүлөлүк режимди кулатууга эл баштаган лидерлерден болгон. Эл билет, Текебаев болбосо Бакиевди эч ким тактан кулата алмак эмес.
Эми минтип башка эл журтка уят болуп, калп кылмыш ишин токуй калып, элдик лидерди коркунучтуу кылмышкерден бешбетер самолёттон түшөөрү менен кармап кетишти. Ким,ким, бирок Өмүрбек Текебаев эч качан сурактан качмак эмес. Ал кишиге жөн эле сурак катын берсе, өзү эле бармак УКМКга. Эгер кача турган ою болсо Европадан келмек эмес, тескерисинче чындыкты, адилеттүүлүктү орнотуу үчүн, куугунтукка  тике карап коркпостон өлкөгө кайтып келди.
Ак ийилет, бирок сынбайт!

На тот момент никто и не думал, что он построит дворец на участке завода «Дастан»… Что его водитель Икрам Ильмиянов станет 1-замом руководителя аппарата президента;

что сотрудник ЦАРИИ Сапар Исаков тоже станет 1-замом руководителя аппарата президента;

ещё один сотрудник ЦАРИИ Илим Карыпбеков станет гендиректором КТРК; что директор заводов «Автомаш» и «Дастан» Албек Ибраимов станет мэром столицы;

что пресс-секретарь Акаева Сегизбаев станет председателем ГКНБ; а телохранитель Исраилов станет министром внутренних дел КР….

что правая рука Жаныша Бакиева Сүйүн Өмүрзаков станет первым зам министром МВД…

Никто об этом не знал, все пока боролись с режимом Бакиева, эти в это время тихо сидели и ждали своего момента… И что самое ужасное, это то, что именно бывшие бакиевцы преследуют победителей последней революции. Когда Атамбаев говорил, что во всем виноваты бакиевцы и они мешают развиваться Кыргызстану, то ему надо было в первую очередь посмотреть, кого он сам назначает на высокие должности….!

Калыс Чындыков.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу