Өзөктөн чыккан өрт…

Кыргызда ушундай бир кылымдарды карытып келаткан талашсыз сөз бар. Арабызда жүрүп эле күтүлбөгөн кылмышты жасап коюп, далыбызга бычак сайган оендор жок эмес. Мындай кылмышты жасагандардын урпагына чейин наалат калып, урпагына чейин бетчиркөө болуп өтөөрү шексиз. Маселен кыргыз фольклорунда мындай учурлар кенен чагылдырылган. Манастагы Көкчөкөз менен Көзкамандардын окуясы кыргыздардын мындай саткындыкка болгон көз карашын кенен чагылдырса, бул маселе башка элдердин тарыхында да бар. Маселен,байыркы гректердин Фермопиль өткөөлүндөгү Леонид падыша баш болгон 300 спарталыктардын түбүнө жеткен ошол кездеги Персиянын падышасы Ксеркс эмес, гректерден чыккан саткын болгон. Демек бул окуя, мындай көрүнүш мурдатан боло келген. Демек, азыркы замандын Көкчөкөздөрү менен Көзкамандары арабызда жүрүшөт. Өзгөчө кыргыз мамлекетинин тагдыры кыл учунда турган кезде 2010-жылдын июнь айындагы кыйын жагдай кимдин ким экенин көрсөткөн. Өзбек сепаратисттеринин арам ою ишке ашпай, капсалаңды баштаган Кадыржан Батыров баш болгон сепаратисттердин ана башчылары алданган элди таштап коюп талаага, кожоюндарынын койнуна качкан кезде алардын ордуна ошол сепаратисттердин арыгын мурдатан эле чаап жүргөн мамлекеттик эмес уюмдардын (МЭУ)айрым өкүлдөрүн таба коющту. Негизи эл аралык уюмдар менен кызматташ өзбек улуттуу МЭУлар Ош областындагы МЭУлардын көпчүлүгүн түзгөн. Алар көбүнчө АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агентство (ЮСАИД), НДИ, “Сорос – Кыргызстан” фонду, Тынчтык корпусу, ПРООН. УВКБ ООН, жана ОБСЕ менен кызматташ болушкан. Ошол эле эл аралык уюмдар аларды коштоп жүргөн Тышкы иштер министрлигибиздин өкүлдөрүн катыштырбай Өзбек улуттук маданий борборунун (УНКЦ) жетекчилиги менен жабык эшик артында чогулуштарды өткөзүп турушкан. Булардын ошол кездеги иш-аракеттери мамлекетибиздин эртеңки тагдыры алардын жүрөгүн кенедей да оорутпастыгын толук далилдеп турду. Өзгөчө эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү жөнүндө маселе көтөрүлгөндө элибиз жалпы каршы болгон учурда Ак үйдүн астына тогуз адамдан турган МЭУнун жетекчилери митинг уюштура коюшуп, жалпы элдин атынан макулдук берип жиберишти. Элдер эсин жыя электе эртеси эле АКШнын Кыргызстандагы каратору элчи аялы (атын эстей албай жатам) ошол кездеги президентибиз Роза айымга кирип барып “коомчулуктун пикирин” эске алууну суранды. Мындай обу жок суранычты четке кагуунун ордуна араң эле турганбы, айтор президентибиз дароо эле  макул деп жиберди. Карап аңдаган кишиге бир спектакль болуп жатканы көрүнүп эле турду. Ал гана эмес “Ата Мекен” партиясы батышчыл партиябы деген ойдо калдык. Анан көп өтпөй эле Киммо Кюлльинен баш болгон эл аралык комиссия жетип келди. Бир жактуу иликтеп отуруп кыргыз тарапты “совершили преступление против человечности” деп тапты. Бул деген сөз эми сепаратисттер кайра чыкса кыңк этпей туруп бергиле дегениби, же сепаратисттерге баш ийип берүүнүн жаңы ыкмасын үйрөтүштүбү, айтор кыргыз тарапка күнөөнү оодарып туруп кете беришти. Анан калса 2010-жылы милиция кызматкерине мыкаачылык менен кол салууга катышкан, массалык баш аламандыкты уюштурган, кылган кылмышы далилденген кылмышкер Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган обу жоктордун катарында да бир катар МЭУлар бар. Сепаратисттердин жактоочусуна айланган Азиза Абдрасуловага окшогондор чет жактагы кожоюндарынын буйруктарын аткарууга  мажбур. Элестеткен менен пайда жок дегендей АКШнын бир мамлекеттик бир имаратынын алдында  бир кыкем туура эмес соттоп, туура эмес тергединер, эми бошотпойм дебегиле, калыстык бовой калды мунунар десе эмне болоорун элестете бергиле. Бери болгондо экинчи келгис кылып депортацияланаары шексиз. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 8 миңден ашуун мамлекеттик эмес уюмдар бар. Булардын көпчүлүгүнүн ой максаты жакшы. Бирок саясатташып кеткен МЭУлар саналуу эле.  Булардын катарына Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Динара Ошурахунова жетектеген МЭУлар кирет десек жаңылышпайбыз. Бизде демократия десек эле МЭУларды (НПО) түшүнүп калган окшойбуз, ошол стереотип бүгүн да жашап келетат десек жаңылышпайбыз. Эми аларды деле түшүнсө болот, акча төлөп жаткан кожоюндары кандай оюн баштаса алар ошону колдогонго мажбур. Ошондуктан Россияда чет өлкөнүн акчасына иштеген МЭУларды “чет өлкөлүк агент” деп каттоону мыйзамдаштырышты. Бизде мындай аракет тилекке каршы ишке ашкан жок. Мындай болгондо мыйзам чегинде МЭУлар Кыргыз мамлекетине отчет берип туруууга милдеттүү болмок. Андай болбогондон кийин МЭУлар мамлекеттик төңкөрүш жасаса да (кудай анын бетин ары кылсын) өз эрки болот. Ал аз келгенсип эң жашыруун делген УКМКнын бюджетин ачыктоо сунушун да ушул МЭУлар ойлоп табышкан. Бул ааламда жок ачылыш ишке ашса анда кыргыз атайын кызматынын күнү бүткөнү ошол, анткени дүйнөлүк практикада мындай укмуш жок. Соттук реформага аракет кылган Рита Карасартова эми УКМКны реформа кылам деп белсенип туру. Бирок реформа деген соттор өзгөргөнү билинбейт, ал боюнча алардын жыйынтыгын чыгарган киши жок. Деги сотто же коопсуздук органдарында бир күн иштеп көрбөгөн көчө дилетанттарынын тизгинин тартчу киши барбы. Чалмакейди чалууну токтотуп мыйзам чегинде ар ким өз ишин кылса максатка ылайык болот эле.  Моюнга алуу керек, бийликке МЭУну аралаштырып, алар аркылуу биздин мамлекеттин ички жана тышкы саясатына таасир берип турган ири державалардын куулук иши катары карай турган кез келип жетти. Жер бетинде МЭУлардын биздин мамлекетти кошо жарышып башкарганы, биздин саясый элитаны таптап алганы Кыргызстандан башка жерде практикаланбайт жана МЭУларга саясатка кириш маселесине мыйзамдык нормалар таптакыр тыюу салат. 19-июлдагы чогулушта Президентибиз Сооронбай Жээнбеков деле моюнга алып жатпайбы МЭУлардын каражатын биздин мамлекетибиз тарта албайт деп. Музыканы башка мамлекеттер заказ кылып жаткан кийин биз мыйзам чегинде саясатка аралашып жаткан МЭУлардын мээсин тазалабаса, алар бизди кайда алпарат азыткыдай адаштырып аны бир кудай, бир акча берип аткан кожоюндары билбесе. Кыскасы макалабыздын башында айтылган макалдын тууралыгына дагы бир жолу тобо деп жака кармаганга туура келет. Жер ээн болсо донуз тобого чыгат деген чын окшойт. Талант Разаков-УКМК ардагери, Кыргызстан Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу