Өзүңүз тууралуу билгиңиз келеби?

Эркектердин чачынын диаметри аялдардыкына караганда эки эсе чоң.

Ортоңку манжанын тырмагы эң ылдам өскөн тырмак.

Адамдын тилинде 10 миңге жакын даам сезүүчү рецепторлор болот, алардын өмүр сүрүү узактыгы болгону 10 күн.

Дүйнөдөгү эң жаш ата-энелер 1910-жылы Кытайда өмүр сүргөн, алардын жаштары 8 жана 9да болгон.

Жазууну оң колу менен жазгандар тамакты оң жагы менен чайнайт, ал эми сол колу менен жазгандар – сол жагы менен.

Ар бир 7 секунд сайын жер бетинде бир наристе туулат.

Төрт жашар бала күнүнө 430дөй суроо сурайт.

Организмдеги кан тамырлардын узундугу болжол менен 100 миң километрге жакын.

Алты жаштагы бала күнүнө орточо эсеп менен 300 ирет күлөт, ал эми чоңдор – 15-100 жолу гана.

Үлүлдүн кабыгын кулагыбызга алып барганда бизге деңиздин эмес, кулактын кан тамырлары аркылуу өтүп жаткан кандын добушун угабыз.

БУЛАК:zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу